Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Елисеевди коргогон КСДПнын депутаты


Бишкек шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Артем Иванов. Сүрөт: www.gorkenesh.kg сайтынан алынды
Бишкек шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Артем Иванов. Сүрөт: www.gorkenesh.kg сайтынан алынды

Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин жаңыртылган адвокаттык лицензиясын Бишкек шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Артем Иванов жеткирип бергени маалым болду.

Елисеев Иванов анын адвокаты болгонун “Азаттыкка” бышыктады. Башкы прокуратура бул факт боюнча өткөн айда кылмыш ишин козгогон эле.

Атайын кызмат 2010-жылы апрель окуяларынан кийин качып кеткен Елисеевдин лицензиясынын жаңыртылышы боюнча ошол кезде юстиция министри болуп турган Аида Салянованы айыптаган.

Елисеевдин лицензия боюнча алты жыл мурунку жагдайы саясий күчтөрдүн компроматтар согушунун алкагында калкып чыкты.

Артем Иванов 2012-жылдан бери Бишкек шаардык кеңеште Социал-демократтар фракциясынын депутаты болду. Азыркы шайлоого дагы ушул партиянын тизмеси менен катышып жатат. Тар чөйрөдө күчтүү адвокат, юрист катары белгилүү. Иванов тергөөчү тыюу салганын, комментарий бербөө тууралуу тил кат жазып бергенин айтып, Елисеев тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты:

- Мен мага байланыштуу эмне деп жазып жатканын карап көрөйүн. Экинчиден, сиз билесизби, азыр бул кылмыш ишти тергөө жүрүп жатат. Мага бул кылмыш иштин алкагында кандайдыр бир маалымат берүүгө тыюу салынган. Менден ошондой тил кат алышкан. Тергөө аяктагандан кийин баарын айтып берем. Тергөө бүтмөйүнчө кандайдыр бир нерселерди айтууга укугум жок.

Алексей Елисеев
Алексей Елисеев

“Азаттык” Алексей Елисеевдин өзү менен байланышып, Артем Иванов тууралуу маалымат алды. Ал Иванов менен жакшы тааныш экенин, жакшы мамиледе болгонун бышыктады. Бирок өнөктөш деп айтуу туура эмес болот деп билдирди:

- Биз кесиптеш катары кайсы бир жерлерде көрүшүп калчубуз. Ошондуктан ал Кыргызстандагы менин кызыкчылыгымды коргоого макул болгон. Мен ага расмий ишеним кат бергем. Ал лицензия боюнча эле эмес, мага байланышкан бардык иште менин кызыкчылыгымды коргогон. Мен өзүм жана менин атымдан бир топ арыз жазылган. Мага козголгон кылмыш иштер, анда тагылган айыптарды тактаган, ошол иштер менен таанышкан. Мисалы, 2010-жылы Азимбек Бекназаровго каршы өз намысымды коргоо боюнча сотко бергем. Ошондо Артем Иванов менин адвокатым болгон. Ошондуктан менин өнөктөшүм деп айтуу туура эмес. Ал менин расмий адвокатым болгон.

Мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын санаалаштарын жакшы билгендер Артем Иванов бул чөйрөгө жакын болгонун белгилешет.

"Белизгейт": аныгы менен арсары

"Белизгейт": аныгы менен арсары

Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин Белизден келди деген документтер боюнча маалыматын териштирди.

Биз ал тууралуу Социал-демократтар партиясынын лидерлеринен комментарий алууга аракет жасадык. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын лидери жана азыркы шайлоодо бул партиянын тизмесинин сап башында турган Алмаз Кененбаев Алексей Елисеевге адвокат болуп жүргөн адамдын алардын катарына кантип, кандай жагдайда кошулуп калганын билбей турганын айтты:

- Мен андайды билген эмесмин. Биринчи жолу сизден угуп жатам. Ошол 2012-жылы шаардык кеңеште каралган да. Ошол учурда кеңештин жетекчиси Марат Аманкулов болсо керек. Артем Иванов тууралуу ошол кишиден сураш керек. Анан негизи ал өзүн шаардык кеңеште татыктуу юрист катары көрсөткөн, ошондой иш алып барган. Кыскача ушуну эле айта алам. Юрист катары, депутат катары өзүн жакшы көрсөткөн.

Биз Артем Иванов өңдүү бир топ адамдарга каршы чыкканбыз. Партиянын ичинде катуу кармаш болгон.
Ренат Самудинов

Артем Ивановго байланыштуу жагдайды Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Ренат Самудинов айтып берди. Айрым партиялаштары анын тизмеге киргизилишине каршы чыкканын, бирок алардын пикири эске алынбай калганынын билдирди:

- Биз Артем Иванов өңдүү бир топ адамдарга каршы чыкканбыз. Партиянын ичинде катуу кармаш болгон. Ошол кезде жетекчибиз Иса Өмүркулов эле. Биздин каршы чыкканыбызга карабай аларды кошуп коюшкан. Биз митингге чыгабыз дегенге чейин барганбыз. Бирок бир партияда туруп митингге чыкканбыз болбойт деп токтотуп койгонбуз. Биз каршы чыкканынан Артем Иванов өңдүү адамдар мурунку президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин тушунда өздөрүн туура эмес жактан көрсөткөн. Биз оппозицияда жүргөндө бизге ачык эле каршы болушчу деп ошол кезде эле айтып чыкканбыз.

Алексей Елисеевдин лицензиясынын жаңыртылганы тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев парламентте сөз кылган жана ошол кезде юстиция министри болуп турган Аида Салянованын күнөөсү бар экенин кыйыткан.

Аида Салянова болсо дооматтардын баарын четке каккан жана буга байланыштуу документтердин баары тымызын жок кылынган деген сөздөрдү дагы негизсиз деп билдирген:

- Башкы прокуратура 2010-жылы Юстиция министрлигине Алексей Елисеев тууралуу кат жазган экен. Ошол кездеги юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева “Елисеев лицензиясын узартуу боюнча арыз менен кайрылды жана арызына ылайык документтеринин баары каралып чыкты, анын лицензияны узартуу мыйзамга туура келет” деп кат жөнөткөн. Бербей коюу үчүн соттун чечими болушу керек эле. Укуктук мамлекетте жашап жаткандан кийин Елисеев Максим Бакиевге жакын экен, кылмыш иштери бар экен деген саясатты ошол учурда мен эске алган эмесмин. Укуктук мамлекетте жашап жатсак, бирок саясатка карап чечим чыгарсак, анда Юстиция министрлигинин эмне кереги бар? Эртеңки күнү мыйзамда жол-жобосу так жазылып турса силер аны бузуп эмнеге лицензия бербей койгонсуңар деген мен кандай деп жооп беришим керек эле? Юстиция министрлигинен Башкы прокуратурага барган кат УКМКда деле сакталып турат.

Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын жаңыртылышы боюнча маселе "Белизгейт" деген ат менен таанылган саясий күчтөрдүн компроматтар согушунун алкагында козголду. Оппозиция менен бийликтин ортосундагы мындай соңку тирешке конституциялык реформа негиз болду.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG