Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

АКШнын башкы прокурору шайлоо иликтөөcүнө катышпайт


Жефф Сешнс 2-марттагы пресс-конференцияда. Вашингтон, 2-март, 2017-жыл.
Жефф Сешнс 2-марттагы пресс-конференцияда. Вашингтон, 2-март, 2017-жыл.

Жефф Сешнстин 2-марттагы жарыясына караганда, ал АКШдагы “президенттик шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу учурдагы жана болочоктогу иликтөөлөргө катышуудан баш тартууну чечти”.

АКШнын башкы прокурору жана юстиция министри Сешнс 2016-жылкы президенттик шайлоо учурунда Орусиянын элчиси менен байланышта болгону үчүн азыр республикачыл да, демократ да мыйзамгерлердин сынына кабылууда. Демократтардын Конгресстин кош палатасындагы лидерлери болсо Сешнсти кызматтан чегинүүгө ачык эле үндөштү.

Сешнс өзү кызматка бекип жаткан кезде, ант алдында 2016-жылы орус бийлигинен эч ким менен байланышта болбогонун ырастаган. Бирок 1-мартта “Вашингтон Пост” гезити Сешнс 2016-жылкы шайлоо өнөктүгү учурунда Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк менен кеминде эки ирет жолугушканын жазып чыккан эле.

Былтыркы шайлоо өнөктүгүндө Дональд Трампка кеңешчилик кылган Сешнс жогорудагыдай жолугушуу болгонун 2-мартта четке каккан жок, бирок мыйзамсыз ишке барбаганын жана орус элчиси менен шайлоо маселесин талкуулабаганын билдирди.

Президент Дональд Трамп башкы прокурорго “толугу менен” ишене турганын айтууда. (UE)

XS
SM
MD
LG