Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Президент Трамп иммиграция боюнча жаңы буйрукка кол койду


Трамптын биринчи жардыгына каршы нааразылыктар.
Трамптын биринчи жардыгына каршы нааразылыктар.

Президент Дональд Трамп 6-мартта кол койгон буйрукка ылайык, алты мусулман өлкө жарандарынын АКШга келишине убактылуу тыюу салынат. Жети өлкө жарандарынын АКШга келүүсүнө чектөө киргизген бул жардыктын биринчи варианты сот тарабынан токтотулган эле.

Жаңыртылган буйрукка ылайык Иран, Сирия, Судан, Ливия, Сомали жана Йемен жарандарына виза берүү 90 күнгө токтотулат. Ал эми буйрук чыкканга чейин виза ачкан бул өлкөлөрдүн жарандары эч тоскоолдуксуз АКШга кире алышат.

16-марттан тарта күчүнө кире турган буйрукка ылайык 120 күнгө качкындарды кабыл алуу да токтотулат. 27-январда кол коюлган биринчи буйрукта Ирак жарандарына да АКШга келүүсүнө тыюу салынган эле. Жаңы буйрукта Ирак жарандарына тыюу салынган эмес. Ирак өкмөтүнүн документ жана маалымат алмашуу, өз жарандарынын өлкөгө кайра келүүсү боюнча тартипти жакшыртуусуна байланыштуу мурдагы тыюу салуу алынып ташталды. (AiT)

XS
SM
MD
LG