Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Жонсон: «Чоң жетилик» Орусия менен Сирияга санкция киргизүүнү карайт 


Борис Жонсон
Борис Жонсон

«Чоң жети» тобуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Сирияда өткөн жумадагы химиялык чабуулдан кийин сириялык жана орусиялык аскерлерге каршы жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Бул тууралуу 10-апрелде Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Италиянын Лукка шаарында, «Чоң жетинин» эки күндүк саммитинин алдында билдирди.

АКШ, Жапония, Германия, Британия, Италия, Франция жана Канаданын министрлер жыйында Сириядагы кризисти чечүүнүн жолдору ортого салынары күтүлүүдө.

4-апрелдин таңында Сириянын Хан-Шейхун шаарындагы химиялык чабуул сексенден ашуун адамдын өмүрүн алган.

Орусия менен Асаддын өкмөтү соккулар Хан-Шейхун шаарындагы экстремисттердин химиялык курал сактаган кампаларына жасалганын билдирсе, козголоңчулар химиялык чабуул абадан жасалганын айтып, ага Асаддын бийлиги жоопкер экенин кабарлашууда.

АКШ Дамаскинин өз жарандарына каршы химиялык чабуулуна жооп катары 7-апрелде өкмөттүк авиабазага ракеталдан сокку урган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG