Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:50

АКШ кыргыз жарандарына визалык чектөө киргизди


АКШ кыргыз жарандарына иммиграциялык, грин-карт визаларын берүүнү чектеди.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизди. Мындай чечим 31-январда кабыл алынганын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу кабарлады.

Элчилик виза боюнча киргизилген чектөө тууралуу Дональд Лунун видеокайрылуусун таратты. Анда АКШ кыргызстандыктарга иммиграциялык эмес визаларды, анын ичинде, туристтерге, ишкерлерге, студенттерге жана жумушчуларга визаларды берүүнү улантары айтылат. Элчи кайрылуусунда виза берүү боюнча чектөөнүн киргизилишине эки жагдай себеп болгонун билдирди.

- Кыргыз өкмөтү менен бир канча убакыттан бери кыргыз паспортунун коргоо деңгээлин жогорулатуу жана терроризм тууралуу өкмөт аралык кошумча маалымат алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Бул чечим Кыргызстанды аталган маанилүү кадамдардын ишке ашырылышын тездетүүгө багыттайт деп үмүттөнөбүз. Вашингтон маал-маалы менен бул максаттарга жетишүүдөгү өнүгүүлөргө көз салып турат. Бул чектөөлөр тез арада алынып салынат деп үмүттөнөм, - деди Лу.

Элчинин сөзүнө караганда, кыргыз жарандарына буга чейин берилген визалар жокко чыгарылбайт. Чектөө киргизилгенге чейин алынган иммиграциялык жана грин-карт визалары менен АКШга барса болот.


Жума күнү "New York Times" басылмасы Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык виза алууга чектөө киргизгенин жазган.

АКШ өлкөгө кирүүгө чектөө салынган мамлекеттердин тизмеси узарышы ыктымал экендиги жөнүндө кабар 22-январда тараган. Трамп мындай чарага коопсуздук маселелеринен улам барып жатканын айткан.

Алты мамлекет тизмеге кантип кирген?

31-январда АКШнын ички коопсуздук министринин милдетин аткаруучу Чад Вулф визалык чектөө тууралуу маалымат берди. Чад Вулф жаңы тизме дээрлик бир жылга созулган “системалуу талдоонун” жыйынтыгында түзүлгөнүн айтты.

2018-жылдын март айында АКШ президентинин администрациясы 200 мамлекеттин өкмөттөрүнө Кошмо Штаттары менен кызматташтыкка тиешелүү бир катар суроолорду жиберген. Ал суроолор терроризм менен күрөшкө, чалгынга, өз жарандарына берилген паспорттор тууралуу маалыматтар менен алмашууга байланыштуу болчу. Бул өлкөлөрдүн бийлигинен террордук коркунучтун “деңгээлин жана даражасын” өз алдынча баалап чыгуу талап кылынган.

Ушундан кийин АКШдагы мекеме аралык топ бул мамлекеттердеги кырдаалды өз алдынча талдап чыккан. Бул топко Ички коопсуздук министрлигинин, Пентагондун, Мамлекеттик департаменттин жана Улуттук чалгын кызматынын өкүлдөрү кирген.

"Натыйжада дал ушул алты мамлекет эң начар баа алышты, - деп түшүндүрдү Вулф. - Буга чейин тизмеге кирген жети өлкөдөй эле, бул алты өлкө да жалпы тизмеде акыркы орундарды ээлешти".

Чад Вулф бул өлкөлөрдүн көбү АКШ менен жакшы мамилени сактап калууга умтулуп, террордук коркунучту баалоодо америкалыктарга жардам берүүгө аракет жасаганын кошумчалады.

"Ар кандай себептер менен алар биз койгон минималдык талаптарды аткара алышкан жок, - деп айтты Вулф. - Ошондуктан визалык чектөө киргизүү ыктымал тобокелдиктерди азайтуунун жалгыз жолу болуп калды".

Вулф АКШ администрациясы мындай талдоону алты айда бир жолу жасап турарын, тизмеге кирип калган өлкөлөр андан чыга аларын белгиледи. Эгерде Вашингтон тизмедеги мамлекет өз коопсуздугун бекемдеп, АКШ менен бул багытта кызматташтыкты күчөтүү үчүн зарыл болгон чараларды көрдү деп тапса, анда визалык чектөө алып салынат.

Тышкы иштер министрлиги жооп кайтарды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы кыргыз жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга киргизген чектөө боюнча жооп берди.

Мекеме 1-февралда тараткан маалыматта Кыргызстан кабыл алынган чечимге өкүнүп жатканы жана бул Кыргызстан менен АКШнын алакасына сезилерлик зыян тийгизгени айтылат.

Ошондой эле кыргыз тарап чет өлкөгө чыгууну каалаган жарандарына биометрикалык документтерди мурда эле бере баштоону пландап жатканы АКШга белгилүү экени, бирок объективдүү себептерден улам ал кечигип жатканы белгиленген.

"Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга жигердүү катышкан мамлекет болуп саналат. Терроризм менен күрөшүү үчүн өз салымын кошту жана кошуп жатат. Азыркы тапта 80ден ашык мамлекетте биометрикалык паспорт ишке кире элек. Визалык чектөө тандалма түрдө айрым гана мамлекеттерге киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында министрлик визалык чектөөгө байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Тышкы иштер министрлигине чакыртылганын, элчиден виза боюнча маалымат алынарын билдирген.

Коомдогу реакция

"АКШ айрым өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга визалык чектөө киргизди" деген маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.

Айрым колдонуучулар Кыргызстан бул маселеде өз таламын талаша албай калды дешүүдө.

Кээ бир колдонуучулар визалык чектөөгө паспорт берүүдөгү коррупция себеп болгон деп эсептешет:

Азис Абакиров аттуу колдонуучу буларды жазды:


Nurdin аттуу колдонуучунун "твити":

Кадыры төмөн кыргыз паспорту

Кыргыз эксперттери АКШ Кыргызстандын жарандарына чектөө киргизишине бир нече себеп бар болгонун айтып жатышат. Бул маселе жасалма кыргыз паспортунун жайылышы, мыйзамсыз миграция, эки өлкөнүн алакасы сыяктуу маселелерди күн тартибине чыгарды. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов абалга мындай баа берген:

Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

- Бул ишенич артпаган өлкөлөрдүн арасына киргенибиздин фактысы. Эми буга эки себеп бар. Биринчиси - өзүбүздүн ички маселебизде, паспорт чыгарууда. Азыр аны ким гана колдонбойт? Кайсы мамлекет биздин паспортко ишенет? Эми виза боюнча чектөөнү жалаң эле АКШ колдонгон жок. Азыр Кытайга барыш да тозок болуп калды. Экинчи маселе - 2015-жылы АКШ менен бир тараптуу келишимди бузганбыз. Азыр Борбор Азиядан Кыргызстандын президенти гана АКШга иш сапары менен барган жок. Европа өлкөлөрү менен да ошондой эле салкын мамилени байкасак болот.

Дегеле АКШ соңку жылдары кыргыз жарандарына виза берүүдөн баш тарткан учурлар көбөйдү. Мамлекеттик департамент КМШ өлкөлөрүндөгү иммиграциялык эмес виза берүү четке кагылган учурлардын соңку көрсөткүчүндө Кыргызстанда экинчи орунда турат.

2019-жылы Өзбекстанда элчиликке кайрылгандардын 68,06% виза ала албай калган. Ал эми Кыргызстанда арыздардын 67,75% четке кагылган. Маселен, мындан жети жыл мурун (2013-жыл) АКШга виза алыш үчүн кайрылгандардын 75% канааттандырылган.

АКШ президенти Дональд Трамп 2017-жылы Ирандын, Ливиянын, Сириянын, Сомалинин, Йемендин, Түндүк Корея жана Венесуэланын жарандарын АКШга киргизүүгө чектөө койгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG