Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

Орусияда армян ишкерлери кысымга кабылды


Азербайжан менен Армениянын чек ара чатагында жабыркаганы айтылган азерлердин Агдам айылындагы үй. 15-июль, 2020-жыл.
Азербайжан менен Армениянын чек ара чатагында жабыркаганы айтылган азерлердин Агдам айылындагы үй. 15-июль, 2020-жыл.

Москвада азери жана армян тектүү ишкерлер арасында тиреш пайда болду.

Орусиянын баш калаасында ири соода борборлоруна ээлик кылган азерлер Армениядан келген товарларды киргизбей жатат. Буга 12-июлдан берки Армения менен Азербайжандын ортосундагы чек ара чатагы түрткү болгон.

Азер-армян чек арасындагы чатак кызып турган учурда Армениядан жашылча-жемиш жүктөп келген 50 оор жүк ташуучу машинени Москвадагы азер тектүү ишкерлерге караштуу “Фуд сити” соода борбору кабыл албай койду.

Ушундан улам Армениянын элчиси Вардан Тоганян Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) эрежелери сакталбай жатканын сынга алды.

"Орусияда жана Москвада азер бийлигинин кабагын карап, Азербайжандын мыйзамдары менен иштеген анклавдар пайда болуптур".

Армян товарларын кабыл албай койгон Москвадагы «Фуд Сити» соода борбору азер тектүү Год Нисанов жана Зарах Илиев аттуу ишкерлерге тиешелүү.

Армениянын Орусиядагы элчиси Вардан Тоганян жүк алып келген автоунаалар соода борбордун аймагында камалып калганын билдирди.

"Мекеменин кароолдору шопурларды өзүнчө аянтка алып барып камап койгон. Камалып калган шопурлар жүктү тапшырып бермек тургай, өздөрү да чыгалбай калган. Аларга соода борбордо "Армениянын товарлары сатылбайт, кайтып кете берсеңер болот" деп ачык эле айтышыптыр".

Ал арада Орусияда бутуна бекем турган армениялык Самвел Карапетян башында турган ишкерлер мекендештеринин оор жүк ташуучу машинелерин акысыз автоунаа токтотуучу жай менен камсыздап, жашылча-жемиштерин эркин сатууга ылайык шарттарды түзүп берүүгө киришкени маалымдалды.

Муну армян элчиси да ырастап, 100 тоннага жакын жүк менен “Фуд ситиге” келген машинелерди Москванын башка райондоруна бурганга аргасыз болгонун айтты.

Москванын соода департаментинин башчысы Алексей Немерюк Армениядан келген товарларды сатууга эч жерде тыюу салынбаганын, Москвадагы «Фуд Сити» соода борборунда алардын товарлары эркин сатылып жатканын билдирди.

"Мен азыр эле Армениянын Орусиядагы элчиси менен сүйлөштүм. Эч кандай маселе жок. Армениядан келген өрүктөр сатылып бүттү. "Фуд Ситиге" бүгүн дагы үч фура кирди".

Москвадагы армян жана азер тектүү ишкерлер арасындагы соода согушу Армения менен Азербайжандын чек арасында 12-июлда чыккан куралдуу кагылыштан кийин тутанган.

Азерлер менен армян жетекчилеринин ортосундагы кайым айтышуулар, бири-бирин коркутуулар азырга чейин уланып жатат. Тараптар жаңжалдын чыгышына бири-бирин айыптап келишет.

Армениянын Орусиядагы элчиси Тоганян Азербайжанды "өз элин согушка даярдап жатат" деп күнөөлөдү.

Азербайжандын Орусиядагы элчиси Полад Бүлбүл уулу Ереван бул чатакта Москваны аралаштырууга "аракет кылууда" деп жооп берди.

Москванын соода департаментинин жетекчилигинин "маселе чечилди" дегенине карабай Интернетте Армениянын жемиштерин тепсеп, сыртка ташып жаткан видеолор улам тарап жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG