Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Орусия: мигранттар өз акчасына эмделет


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын президенти Владимир Путин мигранттарды өз акчасына эмдөөнү буйруду. Бийлик чет өлкөлүк жумушчуларга жаңыдан жасалып жаткан «Спутник Лайт» вакцинасын сайганы турат.  

Өткөн жума күнү Владимир Путин июндун аягына чейин мигранттарды коронавируска каршы эмдөө системасын иштеп чыгууну өкмөткө тапшырды.

«Өкмөт, аймактар жана бизнес Орусияга ишке келгендерди эмдөөдөн өткөрүүнү чогуу-чаран карап, чечишин суранам. Мындай жумушчулардын көбү курулушта, соода-сатык жана тейлөөдө, коммуналдык кызматтарда иштешет», - деген Путин чет өлкөлүк жарандар акча төлөп эмделиши керектигин белгиледи.

Андан кийин Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко мигранттарга «Спутник Лайт» вакцинасы сунушталарын билдирди. Министрдин айтымында, бул вакцина жаңыдан даярдалып жатат. Сапаты өндүрүшкө чыкканда текшерилет.

«Спутник Лайт» - Орусияда өндүрүлүп жаткан «Спутник V», «КопиВак», «ЭпиВакКорона» вакциналарынын төртүнчүсү. Бирок бир дагы орусиялык вакцина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда, АКШ же Европа Биримдигинде каттоодон өтө элек.

Федерация кеңешинин өкүлү Валерий Рязанскийдин сунушу боюнча Орусияда чет өлкөлүк мигранттарды эмдөөнүн акысы 2-3 миң рублдын тегерегинде болушу керек. Келгиндерди жапырт эмдөөнү камсыздоо үчүн мигранттарды ишке алуудан мурда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган сертификат талап кылынмакчы. Бул кезде мигранттарды эмдөөдөн өткөрүү милдетин, чыгымдарды жумуш берүүчүлөргө жүктөө сунуштары да айтылууда.

Орусияда жапырт вакцинация 18-январда башталган. Саламаттык сактоо министрлиги төрт айда 17 миллион жаран вакцинанын биринчи бөлүгүн алганын маалымдады.

Орус вакциналарын сыноо этаптарында жарандыгына карабай бардык каалоочулар эмделген.

Кубанычбек Осмонбеков
Кубанычбек Осмонбеков

Москвадагы кыргыз диаспора кеңешинин төрагасы Кубанычбек Осмонбеков жумуш берүүчүлөр вакцинация сертификатын талап кыла баштаса, мигранттар жапырт эмдөөдөн өтүүгө аргасыз болорун айтты:

"Мигранттардан жумушка орношуунун алдында вакцина же сертификат талап кылына башташы мүмкүн. Биринчиси, ошол эле 2-3 миң рублдын тегерегинде. Экинчиси, милдеттүү медициналык камсыздандыруусу (ОМС) бар болсо, аларга акысыз болушу ыктымал. Буга чейин мигранттарга вакцина алууга мүмкүнчүлүк жок эле. Азыр шарттар караштырылып жатканы жакшы. Ошол эле кезде «сөзсүз түрдө» деген кеп кооптондурат. Мигранттар дагы өз эрки менен ала тургандай болушу керек. Азырынча мекендештердин арасында вакцинаны колдогондор же ага кескин каршы чыккан маанай деле байкалбайт. Эми орус бийлигинин талабына жараша болот".

Орусияда эмгек келишиминин негизинде расмий иштеген кыргызстандыктарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси 2017-жылдан тартып бериле баштаган. Документ кыргызстандыкка ооруканаларда бир катар жеңилдиктер менен медициналык жардам алууга, дарыланууга мүмкүндүк берет.

Расмий маалыматка ылайык, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун.

Президент Садыр Жапаров февралда Москвада Владимир Путин менен жолугушканда кыргызстандык мигранттарды коронавируска каршы вакцина менен камсыздоону суранганын «Российская газета» басылмасына берген маегинде белгилеген.

Дүйнөдө АКШ, Германия жана Иордания биринчилерден болуп калкты жапырт эмдөө программасына мигрант, качкын жана жарандыгы жок адамдарды кошкон. Бул өлкөлөрдө бардык каалоочулар эч кандай документ тапшырбастан, акысыз вакцина ала алышат.

Чикаго шаарындагы жашаган Асел Суйменалиева ал жакта элди эмдөө эки айдан бери толук кандуу жүргүзүлүп жатканын, бирок кыргызстандыктардын арасында вакцина алгандар аз экенин кабарлады.

"АКШда эмдөө январда эле башталган. Биринчи медкызматкерлер, карылар сыяктуу топторго берилсе, апрелде бардык каалоочуларга жеткиликтүү болуп калды. Калкты жапырт эмдөөгө булар аябай жоопкерчиликтүү жана масштабдуу киришкен. Туристтер болобу, убактылуу ишкердик менен келгендер болобу, мыйзамсыз жүргөндөр, документтери жокторго карабай, бардык адамдарга бекер вакцина берип жатышат. Мен Иллинойс штатында жашайм. Бул жакта ар жерде атайын борборлор түзүлгөн. Жөн эле барып, вакцина ала аласың. Көпчүлүк сайдырып жатышат. Ал эми биздин мекендештер тууралуу айтсам, көбүндө толук маалымат жок, чочулашат экен, акы төлөш керек деп ойлошот . Вакцина алгандардан биздикилер аз".

Стамбулдагы аэропорттогу коопсуздук чектөөлөрү
Стамбулдагы аэропорттогу коопсуздук чектөөлөрү

Түркияда да эмгек визасы менен иштеген ар бир чет өлкөлүк мигрант акысыз эмдөөдөн өтө алат. Стамбул шаарында көп жылдан бери иштеген Кундуз Мамбетова бир ай мурун коронавируска каршы вакцина алган.

"Эмгек визасы менен иштейм, бардык тиешелүү салыктарды төлөйм. Иштен чет өлкөлүктөрдү эмдешет экен деп айтып калышты. Вакцина Германиядан келгени, сапаты жакшы экени айтылды. Бекер. Бир гана жаш боюнча чектөө бар экен. 50 жаштан 65 жашка чейинкилердин арасында. Мен телефон чалып, маалымат аландан кийин эмдөөдөн өттүм. Биринчи күнү эч нерсе сезген жокмун. Экинчи күнү колум көтөртпөй ооруду, анан өтүп кетти. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эмдөөдөн өткөнүмө кубанып эле отурам".

83 миллион адам жашаган Түркияда 30 миллиондон ашык адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алгач мугалимдер, полиция кызматкерлери жана дарыгерлер чукул эмделип, кийин 50 жаш курактан улуу адамдар Pfizer/BioNTech жана кытайлык CoronaVac вакцинасы менен эмделе баштады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Бириккен улуттар уюмунун Качкындар башкармалыгы жана бир катар эл аралык укук коргоочу уюмдар бардык мамлекеттерди эмгек мигранттарын, качкындарды жана жарандыгы жок кишилерди акысыз вакцина менен камсыз кылууга үндөп келишет.

Марттын соңунда Сербия мигранттарды бекер эмдей баштаган. Ошол эле кезде көпчүлүк Европа өлкөлөрүндө чет элдиктерге вакцина алууга кезек жете элек. Ал эми Кытайда чет элдиктер үчүн вакцинанын бир инъекциясы 16 доллар турат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG