Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Путин Борбор Азияга ооган качкындарын жайгаштырууну сындады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин жекшембиде “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөлөрүнүн алдында сүйлөп жатып, Батыштын талибдердин режиминен качкан оогандыктарды АКШ жана Европага виза алганга чейин Борбор Азияга жайгаштыруу сунушун сындады. Орус президенти муну “Орусиянын коопсуздугуна коркунуч” деп атады.

Кабулду ээлеп алган талибдердин каршылаштарына мунапыс берилет деген убадасына ишенбеген он миңдеген оогандыктар август айынын ортосунан бери өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылышууда.

Аймактарда талибдер мурдагы аскерлер жана полиция кызматкерлерине кысым көрсөтүп жатканы боюнча кабарлар тарап жатат. АКШ, Британия жана Европанын бир нече өлкөлөрү Ооганстандан качкындарды кабыл алууга даяр экенин билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG