Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер миллионго чукулдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллионго чукулдады. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, 23-августта эмделгендер 993 миңден ашты.

Алардын 355 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты.

993 миң Кыргызстанда эмделиши керек болгондордун 41% түзөт. Ал эми эки доза алгандар 13% болууда.

Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт, анын 3,4 миллионун өкмөт COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топ деп аныктаган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки курактагылардан жана тыштагы эмгек мигранттарынан башкалардын баары кирген.

3,4 миллиондун 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70 проценти эмделсе өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган.

2020-жылдын март айынан бери бул илдет менен расмий түрдө катталгандардын саны 174 миңден ашты, алардын 2,5 миңдейи каза болду.

Учурда республиканын бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG