Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Олимпиадада медал уткан спортчулар сыйланат


Олимп оюндарына катышкан курама команданы тосуп алуу аземи. 7-август, 2021-жыл.

Бүгүн, 23-августта Токиодо өткөн Олимпиадада оюндарында байгеге ээ болгон спортчуларды сыйлоо аземи өтөт. Ага президент Садыр Жапаров катышат.

Иш-чара КТРК жана жана облустук телеканалдардын түз эфиринде саат 10:00дө түз эфирде берилет.

Жапониядагы Жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алды.

Кыргызстан Олимп оюндарында эки күмүш, бир коло медалга ээ болуп, Борбор Азия боюнча Өзбекстандан кийин экинчи орунду ээледи. Мамлекет алтын медал тагынгандарга 10 миллион сом, күмүшкө 7 миллион сом, коло үчүн 5 миллион сом сый акы убада кылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG