Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:35

Байден Кабулдан эвакуация 31-августта бүтөт деп ишенет


Кабулдагы аэропорт.
Кабулдагы аэропорт.

АКШнын президенти Жо Байден Ооганстандагы америкалыктарды жана алардын өнөктөштөрүн алып кетүүдө кыйынчылыктар болуп жатканына карабастан эвакуация 31-августта аяктарына ишенерин билдирди.

Байден жекшембиде Ак үйдө билдирүү жасап, "Талибан" кыймылы Кабулду ээлеп алган августтун ортосунан бери АКШ аба каттамдары аркылуу 28 миң кишини эвакуация кылганын айтты. Алардын арасында америкалыктар жана талибандар кысымга алуу коркунучуна кептелген башка өлкөнүн жарандары бар. Ошондой эле АКШнын өнөктөштөрүнүн учактары бир нече миң кишини алып чыгып кетишти.

Учурда Кабулдан дагы канча адамды алып чыгуу жөнүндө так маалымат жок. Миңдеген оогандыктар өлкөдөн чыгып кетүү үчүн аэропортто топтолуп турушат. Бирок алардын арасында эвакуациянын шарттарына туура келбегендери дагы бар. Аба майдандагы башаламандыктан акыркы жумада жыйырмадай оогандык каза болду.

Байдан журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жыйырма жыл Ооганстанда болгон АКШ аскерлерин чыгарып кетүү чечимин туура болгонун кайталады. Президенттин айтымында, ал өлкөдө калып талибандарга каршы согушуу АКШ өлкөсүнүн кызыкчылыгына туура келбейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG