Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:45

Кыргызстан PhD даражасын эмнеге тааныбайт?


Кыргызстан PhD даражасын эмнеге тааныбайт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:22 0:00

5-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын илими жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Мыйзамдын долбоорун талкуулоо маалында Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары жана Улуттук аттестациялык комиссия эл аралык илимий даража - PhDни мыйзамга киргизүүгө  каршы болду. Мыйзамдын демилгечиси болгон Билим берүү жана илим министрлиги PhD окумуштуулук даража эмес, квалификациялык деңгээл катары мыйзамга киргизилип жатканын айтты.

Мыйзамдын долбоорун талкуулоо маалында Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары жана Улуттук аттестациялык комиссия эл аралык илимий даража - PhDни мыйзамга киргизүүгө каршы болду. Мыйзамдын демилгечиси болгон Билим берүү жана илим министрлиги PhD окумуштуулук даража эмес, квалификациялык деңгээл катары мыйзамга киргизилип жатканын айтты. Студиябызда Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Алтымышбаев атындагы философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев, Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси, техника илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжигит Токтошов жана Борбор Азиядагы Америка университетинин Эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы, Жапониядагы Цукуба университетинен Билим саясаты боюнча магистрдик даражасын алган Данияр Карабаев катышты.

XS
SM
MD
LG