Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Гималай мөңгүлөрү өтө тез эрий баштады


Жер алдындагы сууларды иштетип, бөлүштүрүү Жердин огунун жылышына алып келди. Дээрлик 2 миллиард элди суу менен камсыздап турган Гималай мөңгүлөрү тездик менен эрий баштады. Пандемиядан кийин америкалык өспүрүмдөрдүн билим деңгээли 1990-жылдагы көрсөткүчкө тең болуп калганы айтылды. “Азаттыкта” илимдеги соңку жаңылыктардын топтому.

Жер алдындагы сууларды иштетүү Жердин огун өзгөрттү

Жер планетасынын огу 1993-жылдан 2010-жылга чейин 80 сантиметрге жылганын жана буга жер алдындагы суулардын иштетилиши себеп болгонун Түштүк Кореядагы Сеул улуттук университетинин окумуштуулары аныктады.

Изилдөөдө бул мезгил аралыгында адамзат жер алдындагы 2150 миллард тонна сууну иштеткени айтылат. Суунун мындай көлөмү бул убакыт аралыгы үчүн аз же нормалдуу сезилиши мүмкүн. Бирок бул көлөм дүйнөлүк океандын деңгээлин 6 миллиметрге толтурууга жетмек.

Адамдардын тиричилик процесстери Жердин айлануусуна жана огунун өзгөрүүсүнө алып келери 2016-жылы эле анык болгон. Ал эми бул изилдөө Жердеги суу запастарын иштетүү жана бөлүштүрүү Жердин огунун өзгөрүшүнө таасир эте аларын түшүнүү үчүн жасалды.

Жердин огунун мындай өзгөрүүсүн адамдар дароо сезбейт. Бирок окумуштууларды жана климатологдорду тынчсыздандырган жагдай - күн нурунун жерге жетүү бурчунун өзгөргөнү. Бул көрүнүш кандайдыр бир башка факторлорго негиз болуп, климаттык өзгөрүүлөргө алып келиши ыктымал.

Гималай мөңгүлөрү 10 жыл мурункудан 65% тез эрүүдө

Дээрлик 2 миллиард элди суу менен камсыздап турган Гималай мөңгүлөрү тездик менен эрий баштады. Эл аралык тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүү борборунун (ICIMOD) билдиришинче, бул чөлкөмдөгү мөңгүлөр 2011-2020-жылдар аралыгында мурдагы он жылдыкка салыштырмалуу 65% тездикте эрий баштаган.

Мөңгүлөрдүн эришине климаттын жылышы себеп. Бирок окумуштууларды тынчсыздандырган башка жагдай - эрүүнүн тездиги. Изилдөөнүн авторлорунун бири Филиппус Вестер “бул биз ойлогондон кыйла эрте башталганын” AFP агенттигине айтканын ScienceAlert сайты жазды.

Эгер баары ушул калыпта улана берсе, бул кылымдын соңунда азыркы мөңгүлөрдүн 80% жоголот. Гималай тоолорундагы мөңгүлөр Ганг, Инд, Хуанхэ, Меконг сыяктуу дүйнөдөгү 10 маанилүү дарыяны суу менен камсыздап турат. Бул суулар Бангладеш, Ооганстан, Кытай, Пакистан, Индия ж.б ондогон мамлекеттердин элдерин суу менен камсыздайт.

Америка балдарынын математикалык билими ондогон жыл артка кетти

Америкалык өспүрүмдөрдүн билим деңгээли пандемиядан кийин төмөндөп кеткенин Улуттук билим берүү процессинин баалоо борбору (NAEP) билдирди. Окуучулар айрыкча математикадан кыйналып жатканы анык болду.

Аталган мекеме 1969-жылдан бери сынак жыйынтыктарына байкоо салып келет. 2022-жылдагы сынактарда математика жана окуу боюнча жыйынтыктар 2019-жылдын соңуна салыштырмалуу төмөндөгөнү белгилүү болгон. Азыркы көрсөткүчтөр 1990-жылда байкалган көрсөткүчтөр менен тең болууда.

Адистер окуучулар бардык багыттар боюнча билим алууда кыйналып жаткандарын белгилеп, мугалимдерди, ата-энелерди жана саясатчыларды бул муундун билим алуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн биргеликте чара көрүүгө чакырышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG