Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Мурдагы аялын кескилеген Эстебесов 20 жылга соттолду


Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескилеген Азамат Эстебесовду сот залына алып келаткан учур. 26-январь, 2024-жыл.
Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескилеген Азамат Эстебесовду сот залына алып келаткан учур. 26-январь, 2024-жыл.

Кыргызстандын Сокулук райондук соту үрөй учурган үй-бүлөлүк зомбулук окуясы боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, судья мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду узак мөөнөткө - 20 жылга соттоду. Айыпталуучу өкүм менен макул эместигин айтты. Ал эми жабырлануучунун жакындары аны өмүр бою соттоону талап кылып келген.

26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту мурдагы аялы Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кести. Ошондой эле аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Сотко Аселдин мыйзамдуу өкүлү катары катышкан апасы Тинатин Катаганова өкүмдү мындайча комментарийледи:

Тинатин Катаганова
Тинатин Катаганова

"Мүмкүн 10-15 жылдан кийин эркиндикке чыгып, биздин үй-бүлөгө коркунуч жаратышы мүмкүн. Себеби мындай адам "мен баары бир өлтүрөм" деген ой менен жашайт. Жеке эле Аселге эмес, балдарына, мага, бир туугандарыма коркунуч алып келчү адам. Себеби ал баарыбыздын жашаган жерибизди, дарегибизди билет, ал өмүр бою эркинен ажыратылса болмок. Ал коомго коркунучтуу адам. Менин жүрөгүм кабыл албай жатат. Аселдин дем алуусу оорлошуп кеткендиктен жакында эле операция болуп, өсүп кеткен эттери алынды. Анда Аселге өтө оор болду, операция учурунда ал барын сезип, билип турду. Мунун себеби, Аселдин бетиндеги тырыктары көп, алар эч нерсени сездирбей турчу ийнелерди кабыл албай жатат. Ошондуктан бизге алдыда бир далай оор операция, реабилитация жана моралдык-психологиялык жактан да калыбына келүү үчүн бир топ каражат керек. Сот чегерген эки миллион арзыбаган акча".

Ногойбаеванын иши боюнча сот жараяны Сокулук районунда 12-январда башталган.

Активисттер Change.org сайтында Азамат Эстебесовду өмүр бою абакка кесүүнү талап кылган кол топтоо жүргүзүп жаткан.

Райондук соттун өкүмү бир айдын ичинде күчүнө кирет. Адвокат Индира Саутова кийинки инстанцияга кайрылар-кайрылбасын эми акылдаша турушканын айтты.

Индира Саутова
Индира Саутова

"Эстебесов алгач сегиз жылга эркинен ажыратылган. Азыркы учурда ал жаза мөөнөтүнүн 1,5 жылын отуруп койду деп эсептесек болот. Бүгүнкү сот 20 жыл бергени менен ал бул жазаны толугу менен өтөп бүтпөйт. Маселен, мыйзамда каралган жагдайлардын негизинде мунапыс алып же мөөнөтүнөн мурда бошонуп кетиши ыктымал. Мыйзамыбыздын кээде ушундай гумандуулугу ичти ачыштырат. Эстебесовго тагылган беренелердин негизинде аны өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүн эмес эле. Ошондуктан бүгүнкү бул чечим судья бере ала турган эң максималдуу мөөнөт болчу, андан аркысы жок. Биз моралдык-материалдык компенсация деп 10 млн сомдон 20 млн сураганбыз, бирок сот 2 млн сом моралдык компенсация кесип берди. Мүмкүн биз моралдык-материалдык компенсация боюнча апелляциялык арыз беришибиз мүмкүн. Бирок мен азыр Аселдин өзү жана жакындары менен сүйлөшө элекмин".

Азамат Эстебесов
Азамат Эстебесов

Эстебесов кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү ("Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу" - бир нече жолу ушул эле берененин негизинде кылмышы кайталанганы үчүн) 194-берененин 2-бөлүгү, ("Турак жайдын кол тийбестигин бузуу" - күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган ошол эле жосун), 130-берене, 2 жана 3-бөлүгү, ("Ден соолукка оор залал келтирүү" ) 137-берене ("Кыйноолор") 154-берененин 2-бөлүгү, ("Зордуктоо"), 122-берененин 2-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") менен күнөөлүү деп табылды.

Сот залынан чыгып баратканда Эстебесов журналисттердин суроосуна кыска жооп берип, өкүмгө макул эместигин айтты. Ал буга чейинки отурумдарда дарыланууга барышы керектигин билдирип, "мага жин кирип кетти" деп белгилегени бар.

Бүгүнкү сот отурумуна активисттер жана укук коргоочулар да келди. Алар “зомбулукту токтоткула”, “зордук-зомбулукка жол жок” жана “сот акыйкат бол” деген жазууларды кармап турушту. Жарандык активисттердин бири Бурул Осмоналиева:

Бурул Осмоналиева
Бурул Осмоналиева

"Зордук-зомбулук фактылары боюнча жазага тартылгандар мөөнөтүн толук өтөй тургандай кылуу керек. Мыйзамдарды өзгөртүп, муну жасай турган бир гана Жогорку Кеңеш. Келечекте коомчулуктун үрөйүн учурган кылмыштарды кылгандарды мөөнөтүнөн эрте бошотуп жиберүүнү жоюп, алар сот берген жаза мөөнөтүн толук өтөөсү зарыл. Анткени бул башкаларга сабак болушу керек. Биз Аселдин эле окуясын айтып жатабыз, андан башка далай кыз-келиндерди күйөөсү сабап, балта менен чаап, мойнуна дөңгөлөк илип, кордогон учурлар көп. Күчтүү мыйзам гана алардын укугун коргоого жардам берет", - деди.

Өткөн жылы сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Мындан кийин Асел буга чейин да зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы белгилүү болгон.

"Аял киши айласыздан күчтүү болот экен. Өзүңүздөр уксаңыздар керек, төрт жылга жакын чет жакта иштеп келгем. Бул жакка келип, ушундай жаман нерсеге туш болдум. Эч кандай укугуң корголбойт экен. Сен эшикти тепкилеп эле жүрө берет экенсиң. Келгениме эки күн болгондо укук коргоо органдарына кайрылгам. Мени эч ким уккан жок. Бир жыл ичинде 20га жакын арыз жазылды. Сага качан кол салса гана реакция болот экен. Мен үн катпай отурган эмесмин. Буга чейин коргоо ордери берилген. Бирок эч кандай түшүндүрүү иштери болгон эмес".

2023-жылы Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган.

Мындай чечимге каршы апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда каргашалуу окуя болгондон кийин гана, 27-сентябрда чукул каралып, пробациялык жаза сегиз жылдык абак мөөнөтүнө алмаштырылган.

Асел: Менден кетсең, бетиңе кислота чачып, өлтүрөм дечү
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:36 0:00

Судья президенттин жарлыгы менен 1-ноябрда кызматтан алынган.
Башкы прокуратура Ногойбаеванын апелляциялык арызын караган үч судьяны жоопко тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына сунуш берген. Тартип комиссиясы үч судьяга тең сөгүш берген.

Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеген Асел Ногойбаева 2023-жылы зордук-зомбулукка каршы күрөштүн символуна айланды.

Сентябрдагы каргашалуу окуядан кийин Асел Ногойбаева бир айдай ооруканада жатып чыккан. Догдурлар Аселге бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтып жатышат.

"Азыркы абалым абдан жакшы деп айта албайм. Азыр дагы деле сакая элекмин. Психикалык жактан да толугу менен өзүмө келе элекмин. Жакында эле мини операция жасашты. Азыр Түркиядагы дарыгерлер менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Дарыгерлердин айтымында, дагы үч операция жасалышы керек. Азыр менин кулактарым, мурдум толук тигилген эмес. Анткени ошол күнү убакыттан уттуруп койгонбуз. Менин кесилген органдарым убакыт көп өтүп кеткенине байланыштуу туура тигилбей калган. Азыр кеминде дагы үч операция жасаш керек деп айтышты", - дейт Ногойбаева.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG