Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

"Салам. Мен Юлия Навальнаямын". Саясатчынын жесири анын ишин улантат


Юлия Навальная
Юлия Навальная

Орусияда түрмөдө табышмактуу жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная күйөөсүнүн ишин улантууга убада берди. Ал үч жылдан бери темир тор артында отурган күйөөсүн "Путин өлтүргөнүн", жакында бул кылмышты жасагандардын аты-жөнүн аташарын билдирди.

19-февралда Юлия Навальная видео кайрылуу жасап, күйөөсүн Орусиянын президенти Владимир Путин "өлтүргөнүн", мындай кадамга ал эмне үчүн барганын билерин, жакында саясатчынын санаалаштары ошону ачыктай турганын, бул кылмышты аткаргандардын аты-жөнүн аташарын айтты. Күйөөсү абакта үч жыл бою кыйноого кабылганын, азыр ал баштаган ишти улантуу маанилүү экенин белгиледи.

Навальная кайрылуусун Алексейдын жалпыга таанымал сөзү менен өз атынан баштады. "Салам. Мен Юлия Навальнаямын", - деп бул жерде ал эмес, анын күйөөсү отурса болмок экенин айтты.

"Путин менин жанымдын жарымын алды, жүрөгүмдүн жарымын өлтүрдү. Бирок мен тирүүмүн жана жеңилүүгө укугум жок", - деди Навальная.

«Биз согушка каршы, коррупцияга каршы, адилетсиздикке каршы күрөш боюнча ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек. Таза шайлоо жана сөз эркиндиги үчүн, өлкөбүздү кайра өзүбүзгө кайтарыш үчүн күрөшөлү. Мен күйөөм кыялдангандай эркин, тынч жана бактылуу Орусияда жашагым келет. Алексей экөөбүздүн балдарыбыз да ошондой Орусияда жашаса дейм. Мен Алексей кыялдангандай Орусияны сиздер менен чогуу кургум келет», - деди Навальная.

Дүйшөмбү күнү Навальная маркум күйөөсүнүн ишин улантарын жарыялаган соң Брюсселде Евробиримдиктин лидерлери менен жолугушту. Шаркетин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел Евробиримдиктин атынан ага көңүл айтты.

«Владимир Путин жана анын режими Алексей Навальныйдын өлүмү үчүн жоопкер. Юлия айткандай, Путин - Орусия эмес. Орусия - Путин эмес. Биз орус жарандык коомуна жана көз карандысыз медиасына колдоону уланта беребиз", - деди Боррел.

Ошондой эле Юлия Навальная Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель менен жолугушту. Бул жолугушууга Навальныйдын санаалаштары Мария Певчих жана Леонид Волков да катышты.

16-февралда күйөөсүнүн өлүмү тууралуу суук кабар тараган күнү Юлия Навальная Мүнхен шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук саммитинде сүйлөп, азыркы орус бийлиги "жоопко тартылышы керек" деп айтты. Ал президент Путинге да, анын бийлигине да "ишенич жок экенин" белгиледи:

«Путин өзү, анын тегерегиндегилердин баары, Путиндин достору жана анын өкмөтү биздин өлкөбүзгө, менин үй бүлөмө жана менин күйөөмө кылганы үчүн жоопко тартыларын билишсин деп айткым келет. Ошондой күн алыс эмес. Жалпы дүйнөлүк коомчулукту баарыбыз биригип, Орусиядагы азыркы зулумдукту, режимди жеңип чыгууга чакыргым келет. Бул режим да, Владимир Путин да менин өлкөмдө соңку жылдары жасап жаткан бардык оор иштери үчүн жеке жоопкерчиликке тартылышы керек».

Мүнхен конференциясында Юлия Навальная беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская жана Еврокомиссиянын төрайыма Урсула фон дер Ляйен менен кезикти.

17-февралдан бери Навальный жаза өтөгөн Ямал-Ненец автоном округундагы түрмөгө барган энеси менен адвокаты сөөктү ала албай убара тартууда. Маркум саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыш 19-февралда билдиргендей, Навальныйдын сөөгү жакындарына бери дегенде эки аптадан кийин берилет. Маалыматка караганда, маркумдун энесине жана адвокатына сөөккө "химиялык экспертиза" жасоо үчүн убакыт керектигин айтышкан.

Харптагы түрмөдөн Людмила Навальнаяга уулунун өлүмү тууралуу расмий тастыктама берип гана чектелишкен.

​"Алексей Навальный өлтүрүлдү. Ал 16-февралда, жергиликтүү убакыт боюнча 14.17 де көз жумганы Алексейдин апасына берилген расмий баракчада жазылган. Алексейдин адвокаты жана апасы Салехард моргуна барышты. Түрмөнүн кызматкерлери сөөк ошол жакта экенин айтышкан. Ал жак жабык болуп чыкты. Ал эми адвокат көрсөтүлгөн номерге чалганда, ал жакта Навальныйдын сөөгү жок экенин айтышкан”, - деп жазган Ярмыш эки күн мурун.

Ал эми Навальныйдын дагы бир адвокатына Алексейдин "өлүмүнүн себеби аныкталбай жаткандыктан дагы бир ирет гистологиялык экспертиза жүргүзүлөрүн, анын жыйынтыгы кийинки жумада анык болорун" айтышкан.

Навальныйдын сөөгү кайда экенин аныктоого журналисттер дагы аракет кылышты. “Медиазона” басылмасынын кабарчысы Салехард аймактык ооруканасынын патологоанатом бөлүмүнүн дарыгерлерине чалып сураганда, алар телефонду койгончо шашышкан. “Рейтерс” агенттигинин журналисттери моргго чалып, ал жакта “Навальныйдын сөөгү жок” деген жооп угушкан.

Навальныйдын өлгөнү тууралуу эки күн мурда кабарланса дагы, анын каза болушунун себеби ушул күнгө чейин аныктала элек. Алгач Орусиянын жергиликтүү маалымат каражаттары, саясатчынын каза болушуна кан тамырда уюган кан (тромб) себеп болушу ыктымал экенин жазышкан. Оппозиционердин тарапташы Иван Жданов билдиргендей, түрмөнүн кызматкери Навальныйдын апасына уулу “кокустан мүрт кетүү синдромунан” набыт болгонун айткан.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы саясатчы сейилдөөдөн келип эле өзүн жаман сезип жатканын айтып, көп өтпөй жан бергенин билдирген.

"Эркиндик үчүн күрөштүн символу эле". Навальныйды Бишкекте да эскерип жатышат

Бишкектин борборундагы Репрессия курмандыктарына арналган эстеликке Навальныйды жоктоп келгендердин арасында жергиликтүү тургундар да, орусиялыктар да бар.

Бишкек
Бишкек

Калаа тургундары анчейин биле бербеген, Тыныстанов жана Абдымомунов көчөсүнүн кесилишиндеги эстелик Навальныйды эскерүү аянтчасына айланды. Гүлдөрдөн башка Навальныйдын сөздөрү жазылган кагаздар, маркумдун сүрөтү турат.

Бирок ал жерге келген орусиялыктар жеке коопсуздугунан чочулап, жүзүн көрсөткүлөрү келбейт.

Антон Вахранев мекендеши тууралуу пикирин ачык билдирген Кыргызстандагы саналуу орусиялыктардын бири. Ал 2022-жылы орус бийлигинин Украинадагы согушун сындап, ошондон бери Бишкекте жашайт. Убагында Навальныйдын долбоорлоруна каражат которуп, ал боюнча сотто да сурак берген экен.

“Бул адам жөн жерден өлбөгөнүн эстей жүрүшүбүз керек. Ал өзүнүн эркиндикке, демократияга умтулуусу үчүн, Орусиядагы жашоонун жакшырышына болгон аракети үчүн өлтүрүлдү. Биз муну унутпай, Навальный эңсеген эркиндикке аракет кылышыбыз керек деп ойлойм”, - деди Антон "Азаттыктын" журналистине.

Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда Навальныйдын саясий билдирүүлөрү боюнча пикирлер бир кылка эмес. Айрымдар саясатчынын борбор азиялыктарга виза режимин киргизүү тууралуу 2013-жылдагы сунушун эстешет.

Антон Вахранев соңку маалда Навальный "улутчулдук көз карашка ыктаган позициясынан кайтканын" белгиледи. “Мен бул жерден көп адам менен сүйлөшүп, анын 2010-жылдары айткандарына капа болгондорду да кезиктирдим. Ар бир саясатчы убакыттын өтүшү менен өзгөрөт. Алексей Навальныйдын улутчулдук көз карашка ыктаган позициядан кайтканы туура чечим болгон. Навальный кандайдыр бир деңгээлде Борбор Азиянын, же башка өлкөнүн жарандарына каршы чыкты деп ойлойбойм. Ал биринчи кезекте демократия үчүн күрөшкөн адам катары тарыхта калды”, - Антон.

19-февралда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчылар тараткан билдирүүсүндө Навальный "орус элинин эркин келечеги үчүн өмүрүн арнаганы" белгиленет. Билдирүүдө ал Кыргызстандагы оппозиция үчүн дагы чоң үлгү экени да айтылат.

Өзүн Стас деп тааныштырган орусиялык жаран Навальныйды эскерүүгө жубайы менен келген. Ал оппозиционер саясатчы көпчүлүккө дем, үмүт берди дейт.

“Мен үчүн ал баары коркуп калган заманда өзү коркпой, башкаларды да башты тик көтөрүүгө чакырган адам болду. Бул үрөй учурарлык, күтүлбөгөн өлүм болду. Азыр анын жолун улай турган адам барбы, белгисиз”.

Дагы бир орусиялык жаран башкалардын көңүлүн бурдурбайын деп эстеликтин жанына бактагы дарактарды аралап келди. Ал койнуна катып келген “Биз сени унутпайбыз” деп жазылган ак баракты жерде катар тизилген гүлдөрдүн жанына койду.

“Ал эркиндик, чындык үчүн күрөштүн символу болду деп айтар элем. Мен анын бардык көз караштары менен макул эмесмин. Кандай болгон чакта да адамды минтип өлтүрүп коюшканы кишини капалантат. Бул чоң жоготуу болду. Ал өзүнүн көз караштарын ачык айткан жана ал үчүн күрөшкөн адам болду. Анын идеясын, жолун уланткан адамдар дагы чыгат деп ойлойм. Болбосо анын өлүм менен аяктаган күрөшү текке кеткен болот”, - деди атын ачык айтуудан карманган жаран.

Навальныйды эскерип, Репрессия курмандыктарынын эстелигине гүл коюуга келген жарандар. (Алар жүзүн ачык көрсөтүүгө каршы болушту)
Навальныйды эскерип, Репрессия курмандыктарынын эстелигине гүл коюуга келген жарандар. (Алар жүзүн ачык көрсөтүүгө каршы болушту)

Кыргызстандык журналист Семетей Аманбеков бул акция башында Бишкектеги орус элчилигинин имаратынын астында башталганын, ал жерде күзөтчүлөр коюлган гүлдөрдү дароо алып сала бергенинен эскерүү жайы алмашканын Фейсбук баракчасына жазган.

"Батыш дагы санкция салышы мүмкүн"

47 жаштагы Алексей Навальныйдын өлүмү бир гана орусиялыктарды эмес, Батыштагы бир катар саясатчыларды дагы нес кылды. Алардын көбү оппозционердин өлүмү үчүн жоопкерчиликти Орусиянын президенти Владимир Путинге жана анын айланасындагыларга жүктөштү.

“Ишенип койгула, Путин Навальныйдын өлүмү үчүн жооп берет. Бул Путиндин жана анын режими канчалык катаал экенинин дагы бир далили. Ал өз элине каршы болуп көрбөгөндөй кылмыштарга барууда”, -деди АКШ президенти Жо Байден.

Учурда Навальныйдын өлүмү Батыштын Орусияга мамилесин дагы катаалдатабы деген суроо берлүүдө. Эл аралык алакалар боюнча европа кеңешинин иликтөөчүсү Кирилл Шамиевдин айтымында, Батыш Москвага кошумча санкция салышы мүмкүн.

"Менимче, Алексей Навальныйдын өлүмүнөн улам Орусияга кошумча санкция салынып, Украинага камактагы Орусиянын активдерин өткөрүп берүү ыктымалдыгын күчөттү. Ошентсе дагы, Алексей Навальныйдын өлтүрүлүшүнө карабай, Батыш мамлекеттеринин өз саясий арткычылыктары бар экенин эске алуу керек. Эң алды менен бул украин суверенитетин коргоо жана Европаны Орусиянын ыктымал кол салуусунан коргоо"-дейт Шамиев.

Навальныйдын өлүмү Орусиянын Украинадагы согушун улай өлкөдө эркиндик болушунча чектелген учурга, алдыда президенттик шайлоо өтөр маалга туш келди. Кремль бийликке сын айткан же Украинадагы согушка каршы чыккан бир дагы талапкерди каттаган жок.

Орусияда оппозициялык саясатчылар өлтүрүлгөн учурлар буга чейин катталган. 2015-жылдын 27-февралында Москвада орусиядагы оппозициячыл саясатчы Борис Немцовду атып кетишкен эле.

Саясат таануучу Борис Пастухов Навальныйдын командасы анын ишин улантып кетерине үмүттөнөрүн айтты:

"Навальныйдын командасы жана балким анын аялы күрөштү улантып, орусиялыктарга жана батыш институттарына болгон кандайдыр бир таасирин сактап калууга аракет кылат деген үмүттөбүз",-деди Пастухов "Рейтерс" агенттигине.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG