Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:43

Климаттык каржылоо борборуна Адилет Амантаев жетекчи болду


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Климаттык каржылоо борборунун жетекчиси болуп Адилет Амантаев дайындалды. Тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин аталган борбор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караган. 2023-жылы декабрда Министрлер кабинетинин алдындагы мекеме болуп өзгөртүлгөн.

37 жаштагы Адилет Амантаев буга чейин Президенттик аппараттын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүндө эксперт болуп иштеген.

Климаттык каржылоо борбору БУУнун Жашыл климат фондунан жана эл аралык уюмдардан Кыргызстан үчүн каржы жана инвестиция тартуу менен алектенет. Климаттык өзгөрүүгө байланыштуу программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөт. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG