Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Бишкекте жол эрежесин бузганы үчүн төрт автобустун айдоочусу иштен алынды


Бишкекте автобус менен троллейбус кагышкан учур. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкекте автобус менен троллейбус кагышкан учур. Иллюстрациялык сүрөт.

"Бишкек жүргүнчү автотранспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан жол кырсыгынын алдын алуу чараларынын алкагында төрт автобустун айдоочусу иштен алынды. Эки айдоочу сый акысынын жарымынан, сегиз айдоочу толугу менен ажыратылды.

"Бишкек жүргүнчү автотранспорт" муниципалдык ишканасынын ички комиссиясы айдоочулардын ишине баа берген жыйынын апта сайын өткөрөт. Акыркы убактарда шаардыктардан айдоочулардын дарегине доомат көп түшүп жатканына байланыштуу, аптасына эки ирет өткөрүлүп калышы да ыктымал. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мурдараак жол кыймылынын эрежесин орой бузганы үчүн 10 автобустун айдоочусу иштен алынып, 21 айдоочу сый акыдан ажыратылган.

Коомдук транспорттун жол кырсыгына кабылышынын алдын алуу максатында "Бишкек жүргүнчү автотранспорт" муниципалдык ишканасы айдоочулардын Жол кыймылынын эрежесин билүү деңгээлин текшерип, тест өткөрүп турат. Өткөн аптада 220 айдоочунун 98и тесттен өтпөй калганы кабарланган.

Бишкек шаарында коомдук транспортту жакшыртуу максатында былтыр калаага миңге чукул автобус алып келинген. Шаардын борбордук көчөлөрүндөгү кичи автобус каттамдары алынып, ордуна автобустар жүрө баштаган. Айдоочулардын тартыштыгынан мэрия атайын жүргүнчү ташуучу категориясы бар айдоочуларга сынак жарыялаган.

Бирок акыркы убактарда шаар тургундары, жүргүнчүлөр автобус айдоочулары жол кыймылынын эрежесин орой бузган учурлар арбыганын айтып, даттанып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG