Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280 млн долларга жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн долларга жетти. Бул 559 млрд 503,58 млн сом. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 45,53% түздү.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, мунун ичинен 4 млрд 652,73 млн доллар (414 млрд 490,20 млн сом) тышкы, 1 млрд 627,80 млн доллар (145 млрд 13,37 млн сом) ички карыз.

Президент Садыр Жапаров былтыр “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстан мамлекеттик карызга 2022-жылы 33,6 млрд сом, 2023-жылы 48,6 млрд сом төлөгөнүн, 2024-жылы 64,7 млрд сом, 2025-жылга 75,1 млрд сом төлөө каралганын билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө тышкы карыздын тобокелдиктери тууралуу эскерткен. Ал өлкө карызды төлөй албай калса, Кыргызстанда карызга салынган стратегиялык объектилер башка өлкөлөрдүн колуна өтүп кетиши мүмкүн экенин, бул көз карандысыздыкка шек келтирерин айткан.

Бийлик ушул тапта карызды төлөөгө мамлекеттин кудурети жетерин билдирип келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG