Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:12

"Важные истории": Путинге берилген дээрлик 22 млн добуш бурмаланган


Президенттик шайлоодогу добуш берүү учуру. Март, 2024-жыл.
Президенттик шайлоодогу добуш берүү учуру. Март, 2024-жыл.

Орусиядагы президенттик шайлоодо Владимир Путиндин талапкерлигин колдоп берилген дээрлик 22 млн добуш бурмаланганын "Важные истории" басылмасы жазды. Басылма добуштарды Шпилькиндин ыкмасы мене эсептеп чыккан. (Шайлоону иликтеген аналитик Сергей Шпилькиндин ыкмасы боюнча, түрдүү талапкерлерге берилген добуштардын айырмасы шайлоочулардын катышынан көз каранды болбошу керек. Эгер добуш берүүгө катышуучулардын көбөйүшү менен талапкерлердин биринин гана добушу көбөйсө - бул бурмалоонун жыйынтыгы болот).

Андагы эсепте Москвадагы добуш берүүнүн жыйынтыгы кошулган эмес, анткени Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоо участокторунда жана онлайн берилген добуштарды бириктирип салган. "Важные истории" басылмасы мына ушул жыйынтыкка таасир этиши мүмкүндүгүн белгиледи.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын шайлоону иликтеп жүргөн Иван Шукшин да айтып чыкты. Анын сөзүнө караганда, шайлоо комиссияларында добуштарды бурмалоонун негизги куралы - эсептегич жабдуу (калькулятор) болгон, ал аркылуу ойдон чыгарылган маалыматтар протоколго киргизилген. Мындан улам Путиндин атаандаштарынын бири - Владислав Даванковдун добушу азайганы байкалган. "Аны бурмалоонун натыйжасында үчүнчү орунга коюшту" деп жазды иликтөөчү.

Ал эми шайлоочулардын укугун коргоочу "Голос" кыймылы өткөн аптадагы президенттик шайлоодо добуш кагаздарын үкөккө жапырт ыргытуу Орусиянын шайлоо тарыхындагы ири мыйзам бузуу болгонун белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG