Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Бишкекте Нооруз майрамы үч күн майрамдалат


Бишкектеги Нооруз майрамы. 21-март, 2019-жыл.
Бишкектеги Нооруз майрамы. 21-март, 2019-жыл.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, быйыл Нооруз майрамы 20-марттан 22-мартка чейин белгиленет.

Борбордук Ала-Тоо аянты улуттук стилде жасалгаланып, улуттук оюндар, көркөм кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштын көргөзмөсү жана тамактануучу жайлар уюштурулат.

20-мартта саат 13:00де улуттук спорт оюндары болот, саат 14:00ден кечки 22:00ге чейин майрамдык концерт болот.

21-мартта саат 9:00да аянтта майрамдык чоң салтанат башталат. Саат 12:15тен тартып кечки 22:00ге чейин жергиликтүү ырчы-аткаруучулардын катышуусунда чоң концерт болот.

22-мартта саат 10:00до кайрадан улуттук спорт оюндары уюштурулуп, түштөн кийин концерттик программа башталат.

Шаардагы төрт райондун ар биринде да майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Улуттук тамак-аш, көркөм өнөр көргөзмөлөрү, ырчы кыз-жигиттердин "Сармерден" айтышы уюштурулат. Айрым жерлерде Нооруздун символу - сүмөлөк бышырылат.

Ноорузду утурлай, Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында көк бөрү боюнча "Нооруз-2024" республикалык мелдеши башталган. 14-марттан бери өтүп жаткан мелдешке 40 команда катышууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG