Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:38

24.kg агенттигинин жаңы ээси аныкталды


 24.kg агенттигинин сайты. Иллюстрациялык сүрөт.
24.kg агенттигинин сайты. Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлигинин сайтына 19-мартта жаңыланып, жарыяланган маалыматка ылайык, 24.kg маалымат агенттигинин ээси жана жетекчиси Алмас Турдумаматов болуп калды.

18-мартта ушул эле сайтта аталган агенттиктин ээси жана директору журналист Гүлжан Шерипбаева болгону тууралуу маалымат жарыяланган. Шерипбаева "Азаттыкка" маалыматты комментарийлеп, 24.kg агенттигине эч кандай тиешеси жоктугун, чыныгы жаңы ээси эми ачыкка чыгарын айткан.

Алмас Турдумаматов коомчулукка мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы катары таанымал. Ошол туштагы бийликке таандык 5-каналды түптөөчүлөрдүн бири.

2008-жылы президенттин басма сөз кызматынын башчысы, 2009-жылы президенттин катчылыгынын басма сөз кызматынын башчысы болуп иштеген.

24.kg агенттигинин кыргызча бөлүмүнүн редактору дагы болгон.

24.kg сайтынын мурдагы ээси Асел Оторбаева комментарий бере элек. Оsoo.kg сайтындагы маалыматка ылайык, Асел Оторбаева 2017-жылдан бери 24.kg агенттигинин ээси жана жетекчиси болуп келаткан.

Сайттын мурдагы редактору Махинур Ниязова агенттиктин айланасындагы акыркы окуялар тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, кызматтан кеткенин жана жетекчи эмне себептен алмашканы боюнча кенен маалыматы жок экенин билдирди.

15-январда УКМКнын кызматкерлери медианын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү агенттиктин ошол кездеги директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. 24.kg агенттигинин кеңсеси 15-январдан бери жабык турат.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Nazarnews сайтынын ээси жана журналист Гүлжан Шерипбаева былтыр ноябрда кармалып, кайра үй камагына чыккан. УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып койгон.

Гүлжан Шерипбаева ага чейин социалдык тармактарда жана өзү иштеткен маалымат сайтта бийликти кескин сындап жүрчү. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду колдогон билдирүүлөрдү жазып турган.

24.kg – Кыргызстанда интернет тармагында гана иш алып барган медиа. Ал 2006-жылы Юстиция министрлигинен маалымат агенттиги катары каттоодон өткөн. Негизинен кыска жаңылыктарды жазуу менен алектенген сайт, мындан сырткары, кенен макалаларды, журналисттик иликтөөлөрдү, фото-видео репортаждарды, графикалык жана башка форматтагы материалдарды жарыялап турат. Агенттиктин басма сөз жыйынын өткөрчү аянтчасы да бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG