Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:21

Путин НАТО менен согушпай турганын, бирок F-16 "мыйзамдуу бута" болорун айтты


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын НАТОнун кайсы бир мүчө өлкөсүнө карата согушуу планы жок экенин орус президенти Владимир Путин билдирди. 27-мартта Тверь облусунда аскердик учкучтар алдында сүйлөп жатып, ал Орусия Польшага, Балтика боюндагы өлкөлөргө же Чехияга чабуул койбой турганын, бирок эгер Батыш Украинага F-16 кыргынчыларын бере турган болсо, алар орус аскерлери үчүн мыйзамдуу бутага айланарын айтты:

"Алардын бере турган F-16сы согуш талаасындагы кырдаалды өзгөртө албайт. Эгер бере турган болсо, биз аларды азыр танктарын, брондолгон машиналарын жана башка техникасын жок кылгандай эле жок кылабыз".

Путин АКШ баштаган альянс 1991-жылы Советтер Союзу урагандан кийин чыгышка, Орусияны көздөй кеңейгенин, бирок Москванын НАТОго мүчө өлкөлөргө чабуул коюу ниети жок экенин билдирди жана «Бизде бул мамлекеттерге карата агрессивдүү ниет жок» деп айтты.

Украин бийлиги Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылган 2022-жылдын февраль айынан бери Батыштагы союздаштарынан өзүнүн аба мейкиндигин көзөмөлдөөчү, коргоочу аскердик жардам, анын ичинен F-16 учактарын берүүнү сурап келет.

НАТОнун бир нече мүчөсү кыргын салуучу бул америкалык F-16 учактарын Украинага 2023-жылы эле берерин убада кылган.

Быйыл жайында Европанын айрым мамлекеттери Украинага убада кылган ондогон F-16 учактарынын алтоо жеткирилери айтылган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG