Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:02

Кыргызстан “Airbus 320” үлгүсүндөгү учак сатып алды


Кыргызстан сатып алган “Airbus 320” үлгүсүндөгү учак. 28-март. 2024
Кыргызстан сатып алган “Airbus 320” үлгүсүндөгү учак. 28-март. 2024

Кыргызстан сатып алган “Airbus 320” үлгүсүндөгү учак бүгүн, 28-мартта "Манас" эл аралык аэропортуна келип конду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, жаңы учак Кыргызстандын делегациясын ташыйт. Мындан сырткары Орунбеков ушул жылы дагы бир учак алынарын жазды. “Airbus 320” учагы менен таанышып чыккандан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл жургүнчүлөрдү ташыган үч учак алынып келинерин Улуттук каналда маалымат берип жатып билдирди.

"Тик учак паркыбызды жаңыртып алдык. Эки “Airbus 125” жана “Airbus 145” тик учагын, андан сырткары Орусиянын МТВ-8 модернизацияланган тик учактарын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине алып бердик. Эми ушул учактарды жаңырта турган мезгил келди. Ушул жылдын ичинде дагы Канадада чыккан жүргүнчүлөрдү ташыган үч учактар келет. Аймактардагы аэропорттор ремонттон өтүп, иштөөгө даяр".

Кыргызстан сатып алган “Airbus 320” үлгүсүндөгү учак. 28-март. 2024
Кыргызстан сатып алган “Airbus 320” үлгүсүндөгү учак. 28-март. 2024

Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет элдик сапары үчүн жаңы учак сатып алуу чечимин кабыл алганы 2022-жылы айтылган. Менчик учакты лизингге алуу иши аяктап жатканы белгиленген. Президенттин ошол кездеги маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бул Bombardier Challenger же Embraer Legacy болорун жазып чыккан.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 18-декабрда Катарга, 2023-жылы 15-мартта Түркияга болгон иш сапарына менчик учак менен кеткени талкуу жараткан. Жергиликтүү басылмалар мамлекет башчынын Бишкек-Доха сапары 25-30 миң долларга бааланганын жазышкан. Айрым маалымат каражаттары Flightradar24 сервисинин билдирүүсүнө таянып, Садыр Жапаров Анкарага Air X Chapter авиакомпаниясына таандык бизнес-жет менен барганын, борттун модели Embraer Lineage 1000 экенин жазышкан. Бул бортто бир саат учуунун баасы 14 850 доллар турарын Factcheck.kg сайтынын журналисттери аныктаган.

20-сентябрда президент АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, сыноо режиминде барып келгени, кыргыз тарап күйүүчү майын гана камсыздап бергени расмий кабарланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG