Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Газа: Гумжардам тараткандар Израилдин соккусунан каза тапты


Газанын тургуну. 1-апрель, 2024-жыл.
Газанын тургуну. 1-апрель, 2024-жыл.

Газада жөөт армиясынын аба соккусунан карапайым тургундарга азык-түлүк таратып жүргөн гуманитардык уюмдун кызматкерлери мүрт кетти. Алардын арасында Австралия, Британия, АКШ жана башка мамлекеттердин жарандары да болгон.

World Central Kitchen уюму чабуулду айыптап, аймактагы ишмердигин токтотконун жарыялады. ЦАХАЛ кечирим сурап, окуя тыкыр иликтенерин билдирди. Мунун алдында Сириядагы Ирандын консулдугуна сокку урулган. Тегеран аны Израилден көрдү. Израил армиясы бул боюнча комментарий бере элек.

World Central Kitchen гуманитардык уюмунун кызматкерлери чопкутталган эки машине менен жаңы эле азык-түлүк сакталган кампадан чыкканда, абадан сокку урулган. Маалыматка караганда, алар деңиз аркылуу келген 100 миң тонна гуманитардык жардамды түшүрүп чыгышкан.

Уюм билдиргендей, набыт болгондордун арасында Польша, Австралия, Британиянын жарандары жана АКШ менен Канаданын кош жарандыгын алып жүргөн палестиндер бар эле. Алардын кыймыл-аракеттери израил армиясы менен буга чейин координацияланганына карабастан, ушундай чабуулга дуушар болушун уюмдун жетекчилиги "кечирилгис" деп мүнөздөдү.

Гуманитардык уюмдун кызматкерлери бараткан автоунаага абадан сокку урулган. 2-апрель, 2024-жыл. Дейр-эль-Балах шаары. Газа тилкеси.
Гуманитардык уюмдун кызматкерлери бараткан автоунаага абадан сокку урулган. 2-апрель, 2024-жыл. Дейр-эль-Балах шаары. Газа тилкеси.

Австралиянын өкмөт башчысы Энтони Альбанезе 44 жаштагы Лалзавми "Зоми" Франкком аттуу мекендешинин чабуулда өмүрү кыйылганын ырастады.

"Австралия Израилден гуманитардык уюмдардын кызматкерлеринин өлүмү үчүн толук жоопкерчилик алышын күтөт. Бул такыр жол берилгис жосун. Гуманитардык уюмдардын кызматкерлери, гуманитардык жардам жеткирүү менен алектенгендер жана баардык бейкүнөө карапайым тургундар коргоого муктаж", - деди Альбанезе.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху гуманитардык уюмдун кызматкерлерине ЦАХАЛдын аба соккусу тийгенин ырастап, мындай окуялар кайталанбаш үчүн колдон келген аракетин көрөрүн билдирди.

"Согуш маалында мындай окуялар болот. Биз муну тыкыр иликтеп жатабыз жана мүрт кеткен чет элдиктердин өкмөттөрү менен байланышып турабыз", -деди Нетаньяху.

АКШнын биринчи айымы Жилл Байден жана World Central Kitchen гуманитардык уюмунун негиздөөчүсү Хосе Андрес Мадриддеги НАТОнун жыйынынын алкагында ыктыярчылар менен жолугуп жаткан учур. 28-июнь, 2022-жыл.
АКШнын биринчи айымы Жилл Байден жана World Central Kitchen гуманитардык уюмунун негиздөөчүсү Хосе Андрес Мадриддеги НАТОнун жыйынынын алкагында ыктыярчылар менен жолугуп жаткан учур. 28-июнь, 2022-жыл.

World Central Kitchen деген эмне уюм?

Бул уюмду 2010-жылы атактуу америкалык ашпоз Хосе Андрес жубайы экөө негиздеген. Анын башкы миссиясы - табигый кырсыктардан кийин ачка калган элдин курсагын тойгузуу.

World Central Kitchen Гаитидеги жер титирөөдөн, Борбордук Америкадагы табигый кырсыктардан кийин жергиликтүү элге жардам көрсөтүп, азык-түлүк, тамак-аш менен камсыздоого көмөк көрсөткөн.

Бул уюм украиналыктарга да жардам берип, 2022-жылы Херсон оккупациядан бошотулгандан кийин ал жакка кирген алгачкы гуманитардык уюм болгон. Негиздөөчүсү Хосе Андрес өзү бир нече жолу Украинага барган. Алтургай Украинанын президенти Владимир Зеленский "Эмгек сиңиргени үчүн" ордени менен сыйлап, анын ысымы жазылган тактайча Киевдеги Эрктүүлүк аллеясына жайгаштырылган.

Ал эми Газада согуш башталгандан тартып уюмдун кызматкерлери Кипр аркылуу анклавга жеткирилген 200 тонна гуманитардык жардамды бөлүштүрүүгө катышып, 175 күндөн бери миңдеген качкындардын курсагын ысык тамак менен тойгузуу менен алектенип келген.

Баш кеңсеси Кошмо Штаттарда жайгашкан бейөкмөт уюмдун негиздөөчүсү Хосе Андрес чабуулду айыптап, израил өкмөтүн туш келди адам өлтүрүүнү токтотууга чакырды.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча комиссары Жозеп Боррель гуманитардык уюмдун кызматкерлерине урулган соккуну кескин айыптады.

"Жайкын тургундарды жана гуманитардык кызматкерлери коргоо талабына карабастан, биз дагы эле жаңы бейкүнөө адамдардын курман болгонун көрүп жатабыз", - деп жазды Боррель.

World Central Kitchen аймактагы ишмердигин дароо токтотконун жана жакын арада мындан аркы иштери боюнча чечим кабыл алынарын маалымдады.

Ирандын Сириядагы консулдугуна урулган сокку

Ал эми 1-апрелде Ирандын Сириядагы консулдугуна урулган соккуну Тегеран Израилден көрдү. Ислам революциясынын сакчылар корпусу дипломатиялык мекемеге жасалган чабуулдан жети мүчөсү мүрт кеткенин ырастады. Өмүрү кыйылгандардын арасында сакчылар корпусунун генералы Реза Захеди жана анын орун басары генерал Мохаммад Хади Хаджи Рахими да бар экени кабарланды.

Сириянын Коргоо министрлиги билдиргендей, израил армиясынын учактары жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат бештерде оккупацияланган Голан дөңсөөлөрү тараптан сокку урган. Мекеме кошумчалагандай, абадан коргоо системасы ракеталардын теңин атып түшүргөн.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Дамаскиге каршы сокку ургандарга жооп берүүгө акысы бар экенин эскертти.

"Элчиликтин консулдук бөлүмү иран элине 30 жылдан бери кызмат кылып келет. Имараттын жогорку кабаттарында элчинин резиденциясы жайгашкан. Бул көп жылдан бери колдонулуп келаткан имарат. Израилдин аракеттери эл аралык укуктун бардык ченемдерине каршы келет", - деди Ирандын Сириядагы элчиси Хосейн Акбари.

Ирандын Дамаскидеги ураган консулдугу. 1-апрель, 2024-жыл.
Ирандын Дамаскидеги ураган консулдугу. 1-апрель, 2024-жыл.

Израил армиясы бул чабуул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Консулдуктун имараты толугу менен талкаланды. Учурда урандылардын астынан аман калгандарды издөө иштери уланууда.

Аймактагы соңку чыңалуунун башталышына АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюмунун 7-октябрдагы Израилдин аймагына кол салуусу түрткү болду. Анда согушкерлер 1200дөй адамды өлтүрүп, 250дөй кишини барымтага алганы кабарланган. Ошондон бери Израил Газада аскердик операциясын жүргүзүп, абадан сокку уруп келет. ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, андан бери 32 миңдей кишинин өмүрү кыйылды. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG