Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Депутат Сурабалдиева зомбулуктан каза болгон аялдар көйгөйүн көтөрдү


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Бишкекте үч баланын энеси, 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапкан окуя боюнча Ички иштер министрлигинен маалымат сурады. Сурабалдиева 4-апрелдеги парламент сессиясында мурдагы күйөсүнөн зордук көргөн аялдар боюнча милицияны ыкчам чара көрүүгө чакырды.

“Үч баласы жетим калды. Мурдагы күйөөсү таап, бычактап кетиптир. Буга чейинки Аселди мырзалар “мындай жүргөн, тигиндей жүргөн” деп жамандашты. Милицияда акыркы окуя боюнча маалымат барбы? Буга чейин арызданган экен”, - деди.

Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов үй-бүлөлүк зомбулуктан боюнча иш жүргүзүлүп жатканын айтып, акыркы окуя боюнча териштирип маалымат берерин билдирди.

Буга чейин "Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Бишкектин Биринчи май районуна караштуу Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапканын билдирген.

Маалыматты келиндин атын атагысы келбеген тууганы дагы ырастады. Анын сөзүнө караганда, балдары апасынын өлгөнүн уга элек, мурдагы күйөөсүн милиция алып кеткен.

Бишкек шаардык милициясы 4-апрелде 34 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү кармалганын билдирди. Бул тууралуу ушул эле күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө кабар түшкөн. Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, келиндин өлүмү боюнча фактыны ырасташкан. Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Былтыр 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Сегиз сааттык операцияны баштан кечирген Ногойбаева бир айдай ооруканада жатып, үйүнө чыкан. Дарыгерлер ага дагы бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтышууда.

Укук коргоочулар коомдо талкуу жараткан Асел Ногойбаеванын окуясын жана соңку кезде күч алган аялдарга карата зомбулукту кескин сынга алып, токтотуу талабын коюп жатышат. Буга чейин "Мен Аселмин" аттуу флешмоб уюштурушту.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялады. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG