Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Акылбек Жапаров Балыкчы - Барскоон жолунун курулушу тууралуу түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев 4-апрелдеги сессияда кыргызстандык компания салып жаткан Балыкчы-Барскоон жолунун курулушу жөнүндө өкмөттөн маалымат сурады. Депутаттын айтымында, 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен атамекендик ишканаларга берилген жолдун 25 чакырымы 2023-жылы күзүндө бүтмөк.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу кыргызстандык ишкана чоң жол салып жатканын белгилеп, толук бүтө албай жаткан себебин түшүндүрдү:

“Долбоору жок, курулуш иштери менен катар инженердик таттаал жолду салууга болбойт десек, биздин жеке өндүрүшчүлөр 789 миң долларга бүтүрүп беребиз деп алып алган. Мен 25 чакырымды эле бүтүргүлө деп сунуштагам. Алар болбой президентти адаштырып 70 чакырымды дагы бөлүп алып, мына эми бүт баарын сыйрып салыптыр. Өкмөт уруксат берген эмес. Жасалма суу түтүктөрүн дагы казып салыптыр”.

Акылбек Жапаров аталган ишкана Балыкчы - Барскоон тилкесиндеги 25 чакырымды июнь айында бүтүрүүгө убада кылганын кошумчалады. Ишкананын атын атаган жок.

Ысык-Көлдүн тескейиндеги Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунун курулушу 2021-жылы августта башталган. Анын жалпы узундугу 144 чакырым. Төрт тилкелүү, ортосуна тосмо коюла турган жол президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Кумтөрдүн” акчасына курулуп жатканы маалымдалган.

2023-жылы апрелде президенттин тапшырмасы менен жол курулушун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөнү кабарланган. 2024-жылы март айында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол-чарба департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунун курулушу 2026-жылы аяктай турганын билдирген.

Кыргызстанда үчүнчү категориядагы бир чакырым автожолду реконструкциялоого 400-600 миң доллар, экинчи категориядагы жолго 1 - 1,5 миллион доллар кетет. Бир чакырым жаңы жолду курууга татаалдыгына жараша 2 миллион доллардан ашык каражат сарпталат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG