Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Асел Ногойбаева жүрүшкө катышып, зомбулуктун бардык түрлөрү жектелиши керектигин айтты


Асел Ногойбаева.
Асел Ногойбаева.

Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаева 8-мартта Бишкекте өтүп жаткан “Аялдын турмушу – замандын күзгүсү” аталышындагы жөө жүрүштө коомдо зомбулуктун бардык түрлөрү айыпталышы керектигин айтты.

Ал өзү сыяктуу үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар көп экенин белгилеп, аларды зулумдукка жол бербөөгө үндөдү.

“Менин башымдан өткөн кордукту баарыңар билесиңер. Булар кырсыктан эмес, оорудан эмес, булар балдарымдын атасы болгон адамдын колунан калган издер. Бирок мен жалгыз эмесмин. Мен тарткан азап - Кыргызстанда күн сайын зордук-зомбулукка кабылган жүз миңдеген аялдардын шору, бул талкаланган тагдырлардын, жашоонун мисалы. Коомдо зордук-зомбулуктун бардык түрлөрү айыпталмайынча, жылыш болбойт. Зомбулук улана берет. “Бир жолу эле сабады”, “балдарды ойлойм” деп эле баарына чыдай бербеш керек. Эже-сиңдилерим, өзүңөр үчүн туруп, укугуңарды, өмүрүңөрдү, ден соолугаңды коргогула. Зомбулукка чыдабагыла, баш ийбегиле", - деди Ногойбаева.

Ал милиция кызматкерлерине да кайрылып, көп учурда зомбулукка кабылып жаткан кишилердин үмүтү укук коргоо органдарында экенин эске салып, аларды зомбулукка кайдыгер карабоого чакырды.

Бүгүн, 8-мартта Бишкекте аялдарды колдогон жөө жүрүш өтүп жатат. Акцияга чыккандар өлкөдө аялдарга карата зордук-зомбулуктун токтотулушун, алардын эркиндигин коргоону талап кылышууда.

Былтыр 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Сокулук райондук сотунун судьясы Аселдин мурдагы жолдошу Азамат Эстебесовду “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза менен бош койгон. Чуулгандуу ишти караган сот кийин кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.

26-январда Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кесип, аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Былтыр Ички иштер министрлигине түшкөн үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 10 миңдей маалымат ырасталып, коргоо ордери берилген. Милициянын маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук фактысында 95% жабырлануучулар аялдар болгон. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG