Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Абактагы активист Гүлжигит Исаков үй камагына чыкты


Гүлжигит Исаков
Гүлжигит Исаков

“Бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн” деген айып менен кармалып, тогуз айдан бери тергөө абагында отурган активист Гүлжигит Исаков 5-апрелде үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын тарапташы Бекназар Айталиев "Азаттыкка" билдирди. Маалыматты активисттин бир тууган агасы Асылбек Исаков ырастады. Анын сөзүнө караганда, Гүлжигит Исаков саламаттыгы начарлап жатканына байланыштуу үй камагына чыгарылды.

"Абалы начарлап баратат деп бир нече жолу сотко адвокаты аркылуу өтүнүч келтиргенбиз. Буга чейин четке кагылып келип, бүгүн канааттандырды. Үй камагына чыгып, азыр үй-бүлөсү менен чогуу", - деди Асылбек Исаков.

Гүлжигит Исаковдун бөйрөгү ооруп жатканына байланыштуу активисттин адвокаттары сотко аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн беришкен. Бирок сот мурдагы жараяндарда өтүнүчтү четке кагып келген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен былтыр 5-июнда жарандык активист Гүлжигит Исаковду, "Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматованы, жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаевди жана дагы эки кишини камакка алган.

Алар "чет элдик булактардан акча алып, бийликти басып алууга даярдык көргөн" деп айыпталган жана УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин кармалгандардын экөө үй камагына чыкканы маалым болгон.

Учурда иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Гүлжигит Исаков Фейсбуктагы баракчасында бийликти байма-бай сындап келген. Ал кыргыз-өзбек чек ара келишими, салык саясаты, коррупция менен күрөшүү сыяктуу маселелерде ой-пикирлерин бөлүшүп турган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG