Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Орусия Украинаны дрон, баллистикалык жана зениттик ракеталар менен аткылады


Украина. Херсон шаары.
Украина. Херсон шаары.

Орусия Украинаны соңку суткада учкучсуз учактар, үч баллистикалык ракета жана башкарылуучу эки зениттик С-300 ракетасы менен аткылаганын бүгүн 5-апрелде украин аскерлери билдиришти.

Оккупацияланган Крым жарым аралынан учурулган 13 Shahed дронунун баары атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Түндө Одессада жана Харьковдо жарылуулар катталганы айтылды.

Харьковдун мэри Игорь Тереховдун айтымында, адатта орусиялык аскерлер бул шаарды Белгород облусунан С-300 менен аткылашат – бул снаряддар 40 секундда учуп барат, бирок соңку кезде Shahed учкучсуз учактары көбүрөөк колдонула баштады.

Өткөн түнү Херсон облусунун Днепровский району да аткыланганын, эки адам жараат алганын, алардын бири 60 жаштагы эркек экенин, анын мээси чайкалып, бети кесилгенин, 54 жаштагы аял жарылуудан жаракат алганын, үйлөр талкаланганын жергиликтүү бийлик башчысы Роман Мрочко билдирди.

Ал эми фронтто кечээтен бери 65 жерде кагылышуу болгону, орус аскерлери негизинен Бахмут багытындагы чабуулдарын катуу жүргүзүп жатканы маалымдалды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG