Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Раззаковдун вице-мэри жана эки киши жер сатууга шек саналып кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Раззаков шаарынын вице-мэри, “Кадастр” мекемесинин Лейлек районундагы бөлүмүнүн адиси жана мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы кармалганын 5-апрелде билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында айтылгандай, алар Раззаков шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын балансындагы 140 чарчы метр жер тилкесин түз сатуу-сатып алуу келишимин түзүп, шаар тургунуна 40 миң сомго мыйзамсыз сатышкан.

“Эксперт Групп” ишканасынын көз карандысыз экспертинин корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесинин баасы ал сатылган маалда 1 миллион 200 миң сомдон ашык болгону жазылган.

Кармалгандар Баткен облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарына карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат берген Я.М. деген инициал Разаков шаарынын вице-мэри Мусабек Якубовдун аты-жөнүнө туура келет.

Шаар мэриясы бул тууралуу комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG