Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Иранда студент кыздардын видеосу боюнча териштирүү башталды


Социалдык түйүндөргө тараган видеодон алынган сүрөт.
Социалдык түйүндөргө тараган видеодон алынган сүрөт.

Иранда жогорку окуу жайын аяктаганын майрамдап жаткан бүтүрүүчү кыздардын видеосу боюнча териштирүү жүргүзүлгөнү жатканын “Фарда” радиосу билдирди. Ал-Захра университетинин президенти Захра Хажиани видеого байланыштуу андагы студент кыздарга каршы сотко кайрыларын айтты.

Өткөн дем алыш күндөрү социалдык түйүндөргө тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан видеодон он чакты кыз музыканын коштоосунда бийлеп жатканын көрүүгө болот. Алар окуусунун кезектеги бөлүгүн ийгиликтүү аяктап, архитектор жана инженер кесибине ээ болгонун белгилеп, мантия жана окуу жайдын атайын баш кийимин кийип, мотоцикл тээп, бийлеп майрамдаганы айтылды.

Ал-Захра университети Ирандын батышындагы Бушер шаарында жайгашкан. Захра Хажиани окуу жайдын коопсуздук кызматы бул видео боюнча териштирүү жүргүзөрүн, студенттер уюштурган иш-чарага университеттин жетекчилиги уруксатын бербегенин, аны ким тартса да жоопко тартыларын билдирди.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн кишилер кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

Иран өкмөтү, президент Эбрахим Раисинин администрациясынын өкүлдөрү көчөгө жылаңбаш чыккан кыз-келиндерди сүрөт, видеого тартып, жайылткан адамдарды адатта колдоп келишет.

1979-жылы Иранда Ислам революциясы ишке ашкан. 1981-жылы кыздар 9 жашка чыккандан кийин башына жоолук салынып жүрүүгө милдеттүү деген эреже кирген, каршы чыккандар күч менен басылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG