Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Казакстанда сел күйдүргү калдыгы көмүлгөн жайларды да каптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда сел күйдүргүдөн жана башка ылаңдан кырылган мал көмүлгөн атайын жайларды да каптап жатканы тууралуу маалыматты өлкөнүн Айыл чарба министрлиги тастыктады. 8-апрелде өткөн брифингде министрликтин расмий өкүлү Олжас Тлебалдин аталган аймактарда эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирди.

Анын айтымында, күйдүргүдөн өлгөн мал өрттөлүп, күлү бетондолгон атайын саркофагга салынып, дезинфекциялоочу каражаттар кошулуп, герметикалык ыкма менен көмүлөт.

Быйыл сел каптай баштагандан бери Казакстанда көптөгөн айылдарда өзгөчө кырдаал жарыяланды, калкы башка жактарга убактылуу көчүрүлдү. Үйлөр бузулуп, мал өлүп жатканы тууралуу маалыматтар социалдык түйүндөргө жарыяланууда.

Олжас Тлебалдин жалпысынан 1013 баш мал көмүлгөнүн айтууда:

“Эпизоотиялык абалдын начарлашына жол бербөө максатында биринчи күндөн тартып суу каптаган аймактарда министрликтин республикалык отряды облустардын жергиликтүү акимчиликтери менен биргеликте өлгөн малды чогултуу жана көмүү иштерин жүргүзүп келе жатат. Тийиштүү техника, жумушчулар жана дезинфекциялоочу каражаттар жетиштүү».

«Уральская неделя» басылмасы Батыш-Казакстан облусунда мал көмүлгөн сегиз жана күйдүргү калдыктары көмүлгөн 14 жайды суу каптаганын жазган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG