Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Украинада ракета чабуулунан кеминде беш адам курман болду, ондогон кишилер жараат алды


Украина. Талкаланган жылуулук өндүрүү ишканасы.
Украина. Талкаланган жылуулук өндүрүү ишканасы.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусия 9-апрелге караган түнү өлкө аймагына учурган 20 учкучсуз учактын баарын атып түшүргөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Shahed согуштук дрондору Николаев, Одесса, Херсон, Днепропетров, Полтава, Винница жана Львов облустарын көздөй учурулган.

Айрым жерлерде имараттар талкаланганы маалымдалды.

Ал эми дүйшөмбү күнкү ракеталык чабуулдан Полтава облусунда бир кишинин өмүрү кыйылганын, жараат алгандар 12 киши, алардын экөө балдар экенин, үйлөр жана автомашиналар талкаланганын бүгүн Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди.

Орусиянын ракеталык чабуулуна 8-апрелде Запорожье облусу да кабылган. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоровдун айтымында, төрт киши каза болду, сегиз киши жараат алды, 14 имарат, анын ичинен оорукана жана маданий мекеме кыйрады.

Орусия Запорожьени «Искандер» ракеталык комплекси менен аткылаганын билдирип, «учкучсуз учактар кампасы жана ошондой курал жасалуучу цех жок кылынды» деп маалымдаган. Өлкөнүн Коргоо министрлиги Кара деңизде Украинанын "Нептун" ракетасы жана Белгород, Воронеж облустарында төрт дрону атып түшүрүлгөнүн да билдирди.

11-апрелде Орусиянын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ядролук коопсуздук боюнча уюмдарынын башкаруучулар кеңешинин кезексиз жыйыны өткөнү жатканы белгилүү болду. Бул кеңештин курамында 35 өлкө бар.

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясындагы реактордун тосмосу дрон чабуулуна кабылганын 8-апрелде маалымдаган. Бул объект азыр Орусиянын көзөмөлүндө турат.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылы 24-февралда кабылгандан бери күрөшүн улантып келе жатат.

Президент Владимир Зеленский АКШ убада кылган аскердик жардам берилбесе бул согушта жеңилиши мүмкүндүгүн 8-апрелде эскертти. Кошмо Штаттарда былтыртан бери Украинага жардам боюнча бир нече демилге көтөрүлүп, талкууланып, бирок кабыл алынбай келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG