Израилге айрым товарлардын экспортун чектей турганын 9-апрелде Түркиянын Соода министрлиги билдирди.
"Бул чечим эл аралык мыйзамдарга ылайык Израил Газа тилкесинде ок атышууну тез арада токтотууну жарыяламайынча жана Газа тилкесине жетиштүү гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз келишине уруксат бермейинче күчүндө болот", - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.
Чектөөлөр 54 түрдүү категориядагы продукцияга, анын ичинен темир, мрамор, болот, цемент, алюминий, жер семирткич, курулуш материалдары, авиациялык күйүүчү май жана башкаларга тиешелүү. Чечим 10-апрелден баштап күчүнө кирет.
Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац шейшембиде Анкара Тель-Авив менен болгон соода келишимдерин бир тараптуу бузганын белгилеп, Эрдоган ХАМАС радикал тобуна колдоо көрсөтүү үчүн Түркиянын экономикалык кызыкчылыктарын курмандыкка чалганын билдирди.
Түркиянын Экспортчулар ассамблеясы жарыялаган маалыматка караганда, Израил менен соода өткөн жылдын 7-октябрынан бери азайганы менен, Израилге экспорт 2024-жылы ай сайын көбөйүп, март айында 423,2 миллион долларга жеткен.
Президент Режеп Тайып Эрдоган былтыр 25-октябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө ХАМАС радикал тобун террордук уюм деп атаган өлкөлөрдү сынга алган. Эрдоган бул уюм "өз жерин жана өз жарандарын коргоо үчүн күрөшкөн боштондук тобу" деп айткан.
Израилдик аткаминерлер түрк президентинин мындай билдирүүсүн четке кагып, эки өлкөнүн ансыз да солгундап турган мамилесин кайра карап чыгууга мезгил келгенин жарыялашты.
Израил жана Батыш өлкөлөрү ХАМАСты "террордук кыймыл" деп тааныйт, Түркия аны террордук уюм катары тааныбайт. (ElB)