Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:32

Түркмөнстанда "ашыкча" май сатып алгандар жазаланууда


Ашгабат шаары. Архивдик сүрөт.
Ашгабат шаары. Архивдик сүрөт.

Түркмөнстанда Орозо айт майрамын утурлай мамлекеттик дүкөндөрдө атайын баа менен сатыла баштаган өсүмдүк майын ашыкча алгандарды жазалап жатышканын бүгүн 10-апрелде «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Дүкөндөрдө азык-түлүктүн тартыштыгынан жана кымбаттыгынан жабыркап келе жаткан түркмөнстандыктар Айт майрамына карата арзандатылган баада сатылган майдан көбүрөөк алып калууга аракет кылышканы маалымдалды.

"Түркмөнстандын өзүндө өндүрүлгөн пахта майы базар наркынан төмөн баада сатылды. Адамдар мындай баа көпкө болбой турганын эске алып, шарты барлар көбүрөөк сатып алып коюуга аракет кылышты", - деп жеринен маалымдады «Азатлыктын» кабарчысы.

Жергиликтүү ишканалар өндүргөн пахта майы дүкөндө сатылуучу күн карама майына караганда сапаты начарыраак, бирок баасы төмөн.

15, 20, 25 литрден желим идишке куюлган майды машинесине жүктөп кетип жаткан сатып алуучулар ошол жерден кармалып, полиция аларга айыппул салганы маалым болду.

Соңку жылдары Түркмөнстанда пахта майы ун, нан жана кант сыяктуу өкмөт аныктаган субсидиялык баа менен сатылуучу азык-түлүк товарларынын тизмесине киргизилген. Ошондуктан чектөө менен сатылат. Мамлекеттик дүкөндө бул азыктарды сатып алууну каалагандар апталап, кээ бир айылдарда айлап кезек күткөн учурлар болгон.

Пахта майынын сапаты начар болгонуна карабастан аны кирешеси аз калк көбүрөөк сатып алат. Кээ бир дүкөндөрдө пахта майын алуучуларды көптөн бери өтпөй турган резина бут кийим, таттуу токоч же телефон зымы сыяктуу товарларды да кошо сатып алууга мажбурлаган окуялар болгон.

Жаратылыш ресурстарынан киреше алуучу Түркмөнстан бийлиги калкынын басымдуу бөлүгү жакырчылыкта жашаарын мойнуна албай келет. Негизги азык-түлүктү субсидиялык баа менен сатуу тажрыйбасы да бара-бара токтогон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG