Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Казакстанда үй-жайын сел каптагандар акимчилик алдына чогулушту


Казакстан. Күлсары. 5-апрель.
Казакстан. Күлсары. 5-апрель.

Казакстанда сел каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланган Атырау облусунун Жылыой районунун тургундары жергиликтүү акимчилик алдына чогулганын бүгүн 10-апрелде «Азаттык» радиосунун казак кызматы жазды.

Акцияга катышкандар үй-жайын жана башка мүлкүн суу каптаганын айтып, мамлекеттен жардам качан болору тууралуу так маалымат берүүнү, насыя жагынан жардам кылууну талап кылышты.

65 миң калкы бар Күлсары шаарынын тургундарынын дээрлик жарымы башка жактарга эвакуацияланган.

Район акими Жумабек Каражанов өкмөт жабыркагандарга жардам жана кенемте берерин айтты. Ал суу кайта баштаганын, кооптуу абал жоктугун, Күлсары шаарында 31 кичи район бар экенин, анын үчтөн бирин суу каптаганын билдирди жана каналдардын жээгин бекемдөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Шаар тургундары «112» кызматы аркылуу эскертүү албаганын, 5-апрелде суу каптаганда көптөгөн жергиликтүү тургундардын короо-жайын, үйүн суу каптаганын айтышты.

Атырау облусунда өзгөчө кырдаал 7-апрелде жарыяланган. Ошол эле күнү куткаруучулар Күлсары шаарынан эки кишинин сөөгүн табышкан. Бир күн мурда алар суу каптаган үйдү көрүп келүү үчүн трактор менен баратып жолдон кырсыкка учураганы белгилүү болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар “өз алдынча, тийиштүү уруксаты жок” барышканын билдирген.

4-апрелде бир нече күндөн бери сел каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланган Батыш Казакстан облусуна өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев барган. Ал аймактагы ташкын абал дагы оорлошу ыктымалдыгына даяр турууга чакырган жана түзүлгөн кырдаалдан «сабак алуу» керектигин эскерткен.

Кар күндүн жылышынан улам тез эрип кеткени, жаан-чачын көп болгону бүгүнкүдөй абалга алып келгенин айткан Токаев кооптуу аймактардан убактылуу көчүрүлгөн жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кырдаалды «болуп көрбөгөндөй жаратылыш кырсыгы» деп атаган жана жабыркагандардын баарына тийиштүү жардам берилерин убада кылган.

Жалпысынан 26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактардан кеминде 96 миңдей киши коопсуз жерлерге чыгарылды.

Өзгөчө кырдаал Батыш Казакстан, Атырау, Актөбө, Акмоло, Абай, Костанай облустарынын бир нече район-шаарында жарыяланган.

10 жаштагы бала селде сууга чөгүп кеткенин 3-апрелде “Азаттыктын” казак кызматы Актөбө облусунун Айтекебий районунун акимчилигинин маалыматына таянып билдирген.

Окуя 2-апрелде болгону, бала теңтуштары менен сабактан кайтып келе жатып көчөдө ойноп калганы, ал терең сууга түшүп кеткени, жардамга чуркап барган чоң кишилер сактап калууга үлгүрбөгөнү маалымдалган.

23-мартта да ушул эле облустун Ебейты кыштагында төрт жашар наристе кар эригенден кийин топтолгон сууга түшүп кетип, оозу-мурдуна суу кирип, чарчап калганын жергиликтүү "Диапазон" басылмасы жазган.

Абай облусунда төрт киши дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Суунун деңгээли жакында дагы көтөрүлүшү мүмкүн экени эскертилген. Анткени Орусия Оренбург аймагындагы Ирекле суу сактагычынан ашыкча сууну агыза баштаганы кабарланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG