Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Украиндерге жардам берген орусиялык ыктыярчы абакта каза болду


Александр Демиденко.
Александр Демиденко.

Орусияда Украинадагы согушту айыптаган, украиналык качкындарга жардам берген ыктыярчы Александр Демиденко тергөө абагында каза болду. Федералдык жаза аткаруу кызматынын Украина менен чектеш Белгород облусу боюнча башкармалыгы ал өз жанын өзү кыйды деген маалыматты таратты.

Мекеме окуя 5-апрелде болгонун, ошол эле күнү туугандарына кабар берилгенин билдирди. Бирок маркумдун жакындары анын өлүмү тууралуу 8-апрелде гана адвокаттан укканын айтып жатышат.

"Важные истории" басылмасынын маалыматына караганда, Демиденкону 2023-жылы 17-октябрда чеченстандык "Запад-Ахмат" батальонунун аскерлери кармап кеткенде эле ур-токмокко алып, үтүк жана электрошокер менен кыйнашкан, өзүн жана аялын коркутуп-үркүтүшкөн. "Ал ошондо эле өз жанын кыя турган абалга жетип калган", - деди басылмага маек курган адамдардын бири.

Демиденконун уулу Олег: "Аны жарым жылдан бери жакындарына жолуктурбай, китеп окутпай, психологиялык жактан өлтүрүп келатышты", - деп жазды.

Орусиянын Украинага кол салуусун ачык айыптап чыккан 61 жаштагы активист Белгород облусундагы жүздөгөн украиналык качкындарга мекенине кайтууга жардам берген. Былтыр октябрда кармалганда алгач полиция аны "коомдук жайда алкоголдук ичимдик ичип, эреже бузган" деп айыптаган. Кийин "мыйзамсыз курал алып жүргөн" деген айып тагылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG