Айтылуу лирик, мыкты сатирик Мидин Алыбаевдин кара сөз чыгармалары анын поэзиясынан кем калбайт. “Эки куданын чыры” аңгемесинде өз алдынча үйлөнүп алган эки жашка караганда алардын эски салтты, адатты бекем карманган ата-энелери көбүрөөк сынга кабылат.
Чыгармада эки айылдын кадырлуу адамдары, башкармалар өлүү дүйнө дегенде ортолук сый-урматты унутуп, жаман-жакшы сөздөргө өтүп кетери ынанымдуу баяндалган. Башкарманын балдары өзүмбилемдик кылып шаарда окууну бүткөндөн кийин үйлөнүп алып жатышпайбы.
Чунак балдар ал ишти ата-энесине да айтышпай, бирөө келип ажыратып койчудан берип жакын жолдошторунун алдында баш кошконун жарыя кылышканын айт. Байкуш ата-эне айтабы деп күтсө, балдарынан кабар жок, бул аз келгенсип чунактар биртике акчасын алып курортко эс алганы кетип калыптыр, анысын да бирөөлөрдөн угушту.
Андайда ата-эненин эмне кылары белгилүү да, Балтабай менен Сарыгул - бирин-бири жакшы билген активдер. Экөө бир райондон, чогулуштарда жолугуп, иш боюнча сүйлөшүп жүргөн кишилер. Балдары окууну бүтүп шаарда иште калтырылганын угушкан, анан үйлөнүп алганын эшитишти. Айылга ата-энесинин маңдайына келип, батасын алып кетеби дешкен, антишпеди.
Жогорку билимдүү жаштар өзүм билемдик кылып үйлөнүп, анан айтпай-дебей курортко кетип калыптыр. Ушундай да болот экен. Келин дегенди алгач атасынын үйүнө алып келчү эле. Ата-эненин батасын алып турмуш жолун баштоо түшүнүгү ал кезде зыяндуу адат катары четке кагылган окшобойбу.
Балтабайдын зайыбы да уулунукуна шаарга келсе, келини жүгүнбөй, кайненеси алардыкына апта сайын келип турчудай кайдыгер кабыл алганын автор кичинекей бир эпизоддо атайын белгилеп өтөт.
“Балтабайдын аялы: "Кол куушуруп жүгүнбөсө дагы, кичине эңкейип коё турган жөнү бар эле чиркин",– деп ичинен айтып алып, кечээ эле өзүнүн инисинин жаңы алган келинчеги жүгүнмөк турмак: "Чоң кайнежем болосуңбу?" – деп кашкайып эле өзүнөн сураганын эске түшүрүп, кайра кайрат кылды.”
Керимбек менен Букеш жердеш болчу. Башында айылдан уккан жаңылыктарын бөлүшүп калчу. Жөнөкөй келди-кетти сөздөр жүрө-жүрө сүйүү, ашыктыкка айланып кетиши ойго келе элек кез. Кыз менен жигиттин сүйлөшкөнү да кызыктай эле, бири быйыл колхозу планды ашыгы менен аткарып миллионер болгонун айтса, экинчиси мектептеги мугалимдердин көбү жаштар болуптур деп айылдын жаңылыктарын кобурачу.
Экөөнү жакындаткан дагы бир жаңылык бала кездеги мектепке барып-келген кездер, узак жолдо окуучулардын кар менен ойноп, чарчаганын унутуп, билим деп алыс жол басышканы болчу. Экөө айылдан келген каттарды да чогуу окушчу. Ошол каттар экөөнү аябай жакындатып ийди окшойт. Анан, албетте, бардык студенттердей эле экөө киного, театрга чогуу барышчу. Убакыт болсо билинбей өтө берди. Башында шаарда кандай кийим кийиништи билбеген эки жаш өзүнө чак, келишимдүү кийим кийгенге өтүшкөн.
“Кайсы бир учурларда алдынан карама-каршы жигиттер чыгып калса Букеш тике карай албаса дагы көзүнүн кырын салып өтүүчү болгон. Мына ушундай белгилердин барына Керимбек менен Букештин окуусунан башка дагы бир келечектин татынакай элесин көз алдыларына салуучу. Ал элес бири-бирине билинбей барып байланыша түшкөн сүйүүнүн элеси эле. Чын эле сүйүү болучу. Бирин бири ар күнү көрүүгө зарылышчу, сагынышчу. Ичиндеги ойлорун ортого салгысы келишчү.
Бирок ээн кезигише келишкенде биринен-бири сүрдөп, кепти эмнеден баштаарын биле албай үшкүрүнүп үйлөрүнө тарашчу. Анткени экөө тең желпилдеген жел, шабыраган жамгырды баштарынан өткөрө элек жаңы ачылган гүл да! Чынында да гүл! Андай болбогон болсо экөөнүн ортосунда жүргөн киши жок. Жолугушабыз деген болжолдуу жерди бири-бирине ачык айта алышат. Бир гана тоскоол ичтеги сырдын сызгырылып сыртка чыкпай жатканында эмеспи. Эң акыры экөө тең Апендиден бетер бир шаарда турушуп бири-бирине катты "довостребования" менен жазышат да, кезигишкен кездеринде: "Менин катымды алдыңбы?"– дешчү болду.
Мына ушинтип олтуруп, эң аягы экөө ачык сөзгө кетип, бара-бара келечек максат ортого түштү. Керимбек да, Букеш да окууларын эң сонун бүтүштү. Экөө тең дипломдордун сыйлык менен кошо алышты. Керимбекти университеттин аспирантурасына калтырууга чечти”.
Айылда чоңоюп шаардан билим алган жаштар мындан аркы жашоо-тагдырын өздөрү чечип, июндун мемиреген кечтеринин биринде жакын жолдошторун чакырып чакан кече өткөрүштү да, бир үйдө жашап калышты. Ал кезде бапыратып той берүү, ресторан жалдоо жөрөлгөсү жаштардын оюна эмес, түшүнө да кире элек кез. Жетишпеген турмуш, кедейлик жашоодо үнөмдүү болууга үйрөткөн. Жаштардын баары жакындарын чакырып чакан тойчук өткөрүп, кээде андайы деле жок бирге түтүн булатып, турмуш деген зор дайранын үйөр толкундарын жиреп тиричиликке киришчү.
Музоолуу уй, кер ат
Адабият тарыхында “конфликтсиз теория” деген аталышка ээ болгон жасалма сюжеттин бир илинчеги мына ушул жерде катылган. Жашоо-турмушундагы олуттуу маселени ата-энесине айтпай-дебей чечип, анан курортко эс алганы кетип атышпайбы. Бирок алдагыдай одоно эпизоддун эрен-төрөнү анча деле билинбейт. Үйлөнүүнү өздөрүнчө чечип алган эки жаштын курорттоп кетиши советтик жашоо ыңгайынын артыкчылыгын ырастоочу белгилердин бири катары кабылданат. Ээленген эки жаштын өзүм билемдик кылып үйлөнүп алышы, аны менен эле тим болбой айылга келиштин ордуна курортко кетип калышы экөөнүн ата-энесине жетип, ал сөз Букештин атасы Сарыгулдун жинин келтирген.
“Керимбектин атасы Балтабай кайра ичинен кубанып жүрдү: "Уулум болсо үйлөнүптүр. Куда кааласа келиндүү болуп, канат-бутагым өсүптүр. Сарыгул дагы илгертен бери кенен-кесир жүргөн активдин бири эмеспи. Ушул азыр дагы жөн жүрбөй сельпого даярдоочу боло калат. Сельсовет да болгон, башкарма да болгон, айтор, жакшы жер. Мен анын алдына кандайча түшсөм да жукалык кылды дебейт", – деп Балтабай жүрдү.
Күндөрдүн биринде Сарыгул саргайган мурутун тикирейткен бойдон келип, кемпирине бир тийди:
– Элдин кыздары күйөөгө чыгат дечү эле, барган жеринин эне, атасы илгерки ырым-жырым, салт-санаа менен куданын алдына түшөт дечү эле. Менин кудам Балтабай биздин кызды барымтага байлап алгансып, үч айдан бери унчукпайт. Биз дагы Букешти кичинесинен бактык, өстүрдүк, эмне болгонду балапанча оозуна кармадык. Эми Балтабайдын бизди тоготпогонун кара! Азыркы шартка байланыштырып эптеп кутулуп кеткиси бар. Эч кандай үнүн чыгарбаган акча эмес, мөөрөгөн уйду, кишенеген жылкыны жетелеп келип түшүп жаткандар бар эмеспи”.
Сарыгулдун “азыркы шартка байланыштырып эптеп кутулуп кеткиси бар” деп кудасына нааразы болушунун жөнү бар. Коммунисттик бийлик калың берип, бапыратып той өткөрүүнү токтотуп, бирин-бири каалап калган жаштардын баш кошуусун болушунча жупуну, жөнөкөй уюштурууга үндөп, эрежеден чыккандарды жазалочу. Чынында эле Балтабайдын уулу Сарыгулдун кызын алгандан бери төрт-беш ай өтсө да кудасынын алдына келбегени, деле эч нерсе болбогондой тигилердин коймаарек жүрүшү намыстуу атанын ачуусун келтирбей коймок эмес. Балтабай өзү келген келиндин колунан бир чөөгүн чай иче электе кудасынын алдына бара коюуну намыс көрүп, ортодо таарыныч-урунуч чыга баштаган. Анын баласы шаарда үйлөнүп алганын уккан туугандары, чарбанын активдери канча кошумча кошорун алдын-ала эсептеп, качан чакыруу айтыларын күтүп калышкан.
“– Кош, өзүм совхоздо директор болсом, – деди Балтабай.
– Төрт кой ферма бар, төртөөнөн төрт миң, эки уй ферма андан эки миң, бир жылкы ферма бир миң, бухгалтерге убал жок, андан эки миң, агрономдон бир миң, мал доктор жаңы келген бала эле андан сурай албайсың, көнүгүшкөндөн кийин бирдеме кылар, зоотехниктен бир миң. Ошондо он эки миң! – деди да Балтабай тамдын төбөсүн бир карап алды. – Эми бул акчаны мен эмки жумага чейин даяр кыламын. Жума күнү баргыдай бололу. Бир койду союп, бир койду тирүү алып баралы. Алар болсо барган кудаларга кийит кийгизет. Барганга жараша көбүрөөк баралы. Алар да биздин ыгым-чыгымды түшүнсүн.
– Бирок ким-ким барсын?
– Ким бармак эле, Макем, – Маркабайды көрсөтүп, – кемпири, кичи баласы менен барсын. Керимбектин киндик энеси Зуура барсын. Шаркүл жеңем, Айымкан эжем, Мамырдын кемпири, шакылдак Күлүйпа, Калыйча да барсын, кошуналаш эмеспизби, анын үстүнө Керимбек дем алышка келген сайын эң жок дегенде каймагын сызгырып берүүчү Арманбүбү, шофердун атасын дагы кошо ала барышыбыз керек. Эркектерди болсо өзүм ээрчите барам, арагын ичип, этин жеп берсе болду да. Биз ат менен артыңардан барабыз. Машина менен силер кеткиле, – деп Балтабай жыйынтыкты чыгарды дагы:
– Эми мен фермаларга барып камымды жейин. – Атына минип бастырып кетти”.
Жаштар өзүнчө болуп эски адат-салт деп чанганы менен, ата-энеси жалпы район болбосо да куда болуп калган эки айылга белгилүү адамдар күтүлгөн иш-чарага катуу камылга көрүштү. Балтабай жалгыз кер атын жетелеп барса кемпирлерге кеп болорун айтып, туугандарынан, активдерден кошумча чогултууга өттү. Бул да кылдат иш экен, “кээ бирөөнө жумшак тийип, кайсы бирине каарланып барып, аягында жибип, анан эгер мен болбосом эчак кулайт элең деп ээгинен көтөрүп, ар кимисинен алам дегенин алып жатты”.
Аялдар бир жүк машине толо, эркектери атчан айтылган күнү Сарыгулдун үйүнө келип түшүп калышты. Конок тоскондор кудалар канча мал алып келет экен деп катуу күтүшкөн, андай деле болбоду. Балтабай жакындары менен атчан келип түшүп калышты. Алдыга тамактар тартылып, коноктор кызып, эт бышты деп калышканда эки куда бак ичинде ээндей басып, Балтабай ак дакиге оролгон 12 миңди Сарыгулга сунду.
Акча активдерден чогулганын Сарыгулга узун кулактар мурда эле жеткиришкен, ошондон эч күмөнсүбөй “бул чогултканың, өз акчаң кана?” деп атпайбы. Шашып калган Балтабай кер атты баш кылып бир музоолуу уйду алдына тартарын айтканда Сарыгул жибий түштү, ичинен айтылган малды кечиктирбей алып келүү керек деп ойлоп койду. Кудалар үч күн кенен-чонон конок болушту, айрымдар тамагына эмес кийитине нааразы болуп кайтышты.
Сарыгул көп өткөрбөй туугандары менен эки машине болуп кыздын себин жеткирмекчи болуп Балтабайдыкына барды. “Акыры бир машина жүк, бир машина аял бара турган болду. Балтабайды туурап, бир кой союп, бир койду тирүү алып жөнөштү”. Убада кылынган кер ат менен музоолуу уйду алып келүүнү ойлогон. Чатак мына ушул жерден чыкты. Үч күн удаа конок болуп, кетеринде Балтабайдан “берем деген кер ат менен музоолуу уйду ала кетели”, деп сураса тигиниси айнып калыптыр. “Кер ат районго таанымал ат, аны берип ийсем эл сөз кылат” деп, музоолуу уйду болсо ойлоноюн деп калыптыр. Чатак ошондон чыкты, Сарыгул дагы көп сөз айтат эле, аксакалдар ортого түшүп экөөнү ажыратып кетишпедиби.
Эки куданын чыры шаардагы эки жаштын үйүндө чечилди, талаштын чет-бучкагын угуп калгандар: "Эне-атаңар калың беришип, анан таарынышып жатат", – дешкенин, калың кудалардын бири-бирине өткөн соодасы экенин айтып, аксакалдарды кепке жыгышты. Эки куданын буга каршы жүйөсү жок болчу.