Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:52

Кара мышык өч алды


Чыгармачылык ышкысы толуп-ташып, жазганынан жаза элеги көп кезде - 25 жашында шум өлүмгө туш келген Манас Казакбаевдин “Борбаш” деген аңгемеси жайында кеп кылсакпы деп турабыз. Баланын ышкысы, талаага кеткен эмгегине жаны кейиген аянычтуу абалын карап туруп бооруң ооруйт.

Алыкенин баш сөзү

Жаңылбасам, “Борбаш” аңгемеси 70-жылдары “Кыргызстан пионери” гезитине чыккан. Аты айтып тургандай, ал гезит пионер балдардын басылмасы болчу. Манас Казакбаевдин көзү өткөндөн кийин досу Беганас Сартов жазгандарын чогултуп өзүнчө китеп кылып чыгарган.

Алым Токтомушев 2013-жылы “Жаңы Ала-Тоо” журналынын 7-номуруна жарыялаган чыгарманын кыскача чоо-жайы ушундай. Манас акенин арбагын эстеп Алыкең кыскача баш сөз жазган экен, ошону чып-чыргасын коротпой бул жерде келтире кетсемби деп турам. Алыкең да бул жалганды таштап кеткенден бери анын каламынан чыккандары башкача кабылданып калбадыбы.

“Жарды, жалындуу, бактылуу, таланттуу жаштар эле. Көбү кетип, азы калды. Азы көч арасында жүрү, көбү жер алдында чиренип уктап жатыры. Ошондой тура, бири кетип, бири калат экен. Үрккөн таранчыдай "пыр-р" этип учуп, "дүр-р" этип ушул жерге конуп калгандай жандар эле. Ушул жер дегенибиз – азыркы Орто-Сай базарынын күн батыш ыптасы. Азыр тогуз кабат үйлөр турбайбы, ташказанын салаңдатып. Ошолордун ордуна бир кезде, алаңгар 60-жылдын акыр ченинде ийреңдеген-мийреңдеген көчө түшкөн. Бири-биринен кыйынсып, кырданып моюн созгон үй жок, топурактан салынып, толь менен жабылган, колхоздун койлорундай окшош кепе тамдардан ийреңдеген түтүн булачу. Кыпкызыл кыргыздар жашачу. Шатыра-шатман жашачу. Андагы Фрунзе, мындагы Бишкектен азыркыдай эле жер басып, үй салып алгандар болучу. Жалаң батир издеп бул шаарда жан бага албасын билгендер эле. Университеттин (о, атыңдан айланайын, университет анда бирөө эле) филфагын жаңы бүтүргөндөр жана кудай кааласа, эки-үч жылда бүтөбүз дегендердин чоң тобу ушул көчөнүн түштүк учуна конушкан. Үйлөрүн мен да салышкам. Филфактын балдары топурап топтолуп, виного нык тоюп, бир жумада эле бүтүрүп салышчу. Беганас досум мени да салып ал деп кыйнады. Салган жокмун. Белен тамакчыл берендигим жеңип кетти өңдөнөт.

Филфакчылардын үйү үтүрөйгөнү менен, көөдөнү көктө болчу. Сөздүн кымбатын, кийимдин арзанын издегендер эле. Баары гений болом деп ойлочу. Орто-Сайга өзүнчө Монпарнас орной түшкөн. Кийин Кубатбек Жусубалиев ал көчөдө: "Көп кыргыздардын "мен", "мен" деген балдары жашайт эле", – деп жазды. Өзү ошол көчөнүн тушунан өтчү, 7-чакан райондо жашай турган. Ошол "мен, "мендердин" ичинде Манас бар эле. Эсимен өчпөсө, ал жерге Манас биринчи конгон. Анан калган филфакты ээрчитип келген. Ошондой жан эле: отунду да, катынды да баарынан мурда алды. Баарынан мурда бала-чакалуу болду. Баарынан мурда 25 жашында өлдү. Негедир табышмактуу өлүм тапты. "Мен", "мендердин" бир даарын артынан ээрчите кетти: досторубуз – Беганас Сартовду 33 жашында, Табылды Муканов менен Тургунбай Эргешовду 35 жашында, Камбаралы Ботояровду 45, Аман Токтогуловду 48 жашында. О, айраңдар, кайрандар! Эмдигиче болсоңор, эмнени айтмак элеңер?! Архивди аңтарсам, Манас Казакбаевден жупкадай китеп калыптыр. Аны да өлгөндөн кийин Беганас досу чыгарган экен. Ошондон «чү» дегендеги эле үч аңгемесин алдым. Окусаңар, ошол таптагы Орто-Сайда кандай таланттуу жаштар жашаганына ынанасыңар”, - деп жазган экен кайран Алым Токтомушев.

Аңгеме

Кепке алынчу аңгемеде жаш баланын ышкысы өзгөчө бир жапакечтик менен сүрөттөлгөн, таланттуу жазуучу тоо арасындагы кыштакта жашаган тестиердин мүнүшкөрлүккө кызыгышын турмуштук деталдар менен таасын тартып берген. Баарысы Карабай бүркүтчүнүн ширин аңгемелеринен башталган. Ормотой абасын угуп эле отура бергиси келчү. Бүркүтчү тоо арасындагы көрүнүштү, окуяны ушунчалык жөнөкөй, анан да аябай кызыктуу кылып айтып берет. Аны угуп эле отургуң келет. Арчанын куу дөңгөчүнөн караңгыны айдаган учкундары чыртылдап, баланын сезимин козгоп, канаттуу куштар тууралуу кызыктуу баяндарды угуп отуруп бүркүттүн балапанын алып үйрөткүсү келди. Антейин десе бүркүт өтөле алыс жерде - бийик зоонун бооруна уя салат. Ага кантип жетет, темир канат балапанын коюнуна салып алып чыга алабы? Айылдагы ышкылуу балдар жардын боорундагы таандын уяларына түшүп балапандарын кармап чыгышканын көргөн. Колго көнгөн таан жетилип учкандан кийин айылдагы жылтыр-жултурларды тиштеп келчү.

Ормотойдун бүркүт таптайм дегенин Карабай абасы угуп мыйыгынан жылмайды да, андай иш баланын колунан келбестигин айтып, тура калып эле ишти баштагысы келген чыт курсакты тыйып койду. Борбашты үйрөтүү деле түйшүгү түмөн жумуш экенин абасынан укту. Канаттууну үндөккө келтирүүгө ык, убакыт керек, андай ишке чыдаган адам деле аз. Борбашты үйрөткөнчө Ормотой бир топ канаттуунун балапанын багууну эңседи.

“Мисченин баласын баксамбы? Бирок ал дан менен курт-кумурска жегенден бөлөктү билбейт. Айрыкуйрукчу, жоручу же болбосо кыргыйчы?..

Айрыкуйрук менен жоруну капкан, тузак коюп кармап алса болот. Ал эми кыргый... кыргыйды колго тийгизиш кыйын. Аткан октон тез учат эмеспи. Уча эле берет, уча эле берет. Тапкан олжосун ысуулайында бир-эки бурдайт да, кайра эле учат. Уясы кайда экенин адам билип болбойт. Тузагыңа көз кыйыгын салса деги эмне дейсиң...

Ормотойдун ындыны өчө түштү. Айласы куруганда бүркүтчү Карабайдан:

– Жору менен айрыкуйрук теке алабы? – деп үмүткөр сурады.

– Сен мактаган жору өлгөн малдын этин гана чокуйт, жоор аттын жонуна гана жармашат, андан бөлөктү билбейт,– деди бүркүтчү. – Ал эми айрыкуйругуң бүркүт эмес, бүркүтүң айрыкуйрук эмес. Сен эмне, эшигиңдеги жөжөлөрүңдү кырдырууга таптайын деп жүрөсүңбү? Атаң менен апаң «бурама конфет», «май токоч» берип койбосун, же мейлиби?

Ормотой үндөй албады”.

Канаттуу дегениң көп, бирок анын баары эле тапталбайт, көбүн үйрөтүш мүмкүн эмес. Борбаштын алардан айырмасы – кичинелиги, балага ылайыктыгы. Чегиртке берсең жей берет. Бүркүткө жалаң жаңы эт чокутуп турушуң керек.

Абасы айткандан кийин Ормотойдун да борбашка кызыгуусу артты. Баарынан да абасынын “кушуң табына келгенден кийин чогуу уучулукка чыгабыз” дегени баланы ансайын делөөрүттү. Эшегин минип, жаасын колуна алып тоону көздөй баратса. Анан бийик тоодо оттоп жүргөн кийиктерге борбашын салып ийсе, ал каркайган бир текенин мүйүзүнүн ортосуна олтуруп алып эки көзүн оюп салса, Ормотой абасы экөө аны байлап алып жетелеп келатышса. Андай болсо Ормотойдун борбашы кийик алганы элге айтылып, өзгөчө классташтары таң калып, уу-дуу кеп болору анык. Ормотойдун кыялы алып учуп те алыста боз чаңгыл тартып мунарыктаган тоону карап койду. Борбашын кондуруп алып эшегин кыдыңдатып тез эле жетип барса.

Таптоо

Карабай абасынын айтуусунда, борбаш үндөккө тез көнөт. Көндүрүп алгандан кийинкиси жеңил. Бир гана коркунучтуу жери - эчкинин эки мүйүзүнүн ортосуна отуруп алып кайберендин көзүн чукуп салыштын кыныгын алган борбашы айылдагы эчкилердин шорун шорподой кайнатпаса экен. Айылга келгенден кийин Ормотой борбашын бутунан байлап коёт. Үйдөгү жаныбарларга тийдирбейт. Борбашын бутакка кондуруп Ормотой бери жакта туруп: «Кля!», «Кля!», «Кля!»... «Пөө!», «Пөө!», «Пөө!», «Пөө!».. – деп кыйкырса. Анан, албетте, борбаш көзүн чокуп, эч жакка кача албай карайлап туруп калган кайберенди жетелеп келатса. Кыргыек, жагалмай, айрыкуйрук жасай албаган ишти мына ушул муштумдай канаттуунун жасап коюшу баланы таңдантты. Борбаш деп маани бербегенибиз менен, ушул муштумдай куштун Карабай абасы көрүп калган кызыгы бир топ экен:

“Ооба, ушул эле кичинекей борбаш. Сен мага ишенбей турасың го, ээ! Илгери борбаш таптап айылды таң калтырган бир мергенчи болгон. Муштумдай болгон борбашын колуна кондуруп алып, биздей бүркүтчүлөргө теңелип ууга барган. Бүркүтчүлөрдөн бирибиздин да жолубуз болбой, ошол олжолуу кайтып аябай уят болгонбуз. Ошолордун баары эсимде. Биз уулум, ошол акылман мергендин өнөрүн колдонобуз...

Кызыккан киши баарына жетет. Ормотой эңсеген борбаштын балапаны тез эле табылды.

“Канаттары телчигип жаңыдан уча баштаган сары ооз балапан, мектеп астанасын биринчи жолу аттаган шок окуучудай, адегенде Ормотойдун сабагына көңүл бурган жок. Тумшугуна такаган чегирткени таназарына албай, кайсыл тарап оюна келсе ошол тарапка колоктоп качып жөнөйт. Бирок кайда барат дейсиңер, шыйрагына байланган беш кулач жип турганда.

– Эч жакка барбайсың, – дейт Ормотой борбашына кайра-кайра эскертип, – мен сени үйрөтөм, кырааным...

Кечкурун кармалган балапан эртеси ошол маалына чейин бир да жолу даам таткан жок: таңкы ырыскысын таназарына албады, түштөнгөн жок. Мына эми тооктор түнөгүнө топтолуп жаткан кезде да өзүнүн көктүгүн карматып отурат.

Тумшугуна бекем тиштеген азыгын ана жутат, мына жутат деген үмүт менен саргарып көпкө күтөт Ормотой. А балапан болсо, жийиркенгенсип чегирткени тили менен түртөт да, качып жөнөйт. Анын бул жоругу баланы санаага салды. Өлүп калбагай эле... Ачка туруп, дегеле жаалдуулугуна эмне демексиң!

– Анда, мен сени зордоймун!– деди Ормотой борбашына ороңдоп. – Эртең менен бир чегиртке күн шашкеде бирди, түштө, түш оой жана кечкурунга чейин бардыгы болуп бешөөнү аймап салышың керек эле!

Ормотойдон баралына келгенде мыкты мүнүшкөр чыкчудай. Балапанды абасы айткандай карап, убагында жемин берип, суу жуткуруп, таптоонун жөнөкөй жолунан баштап улам татаалдаштырып көндүрө берди. Мындайда убакыт дегениң билинбей өтө берет го. Ормотой ага деле карабады, ойлогон ою-дарты кутуга салынган борбашында болуп абасынан уккандарын колунан келишинче аткарып жатты.

Кара мышык

Аны бул үйдө чочулаткан күлтүйгөн кара мышык болчу. Апасынын айтуусунда, ал мышык келгени үйдөгү чычкандар жоголуп, түнкү чый-пыйы жок жыргап эле калышты. Бирок куу мышык бутунан жип менен байланган борбашты көрсө эч ойлонбой жеп коёру бышык. Бала мышыкты кантип жоготуунун амалын таба албады. Кармап келсең талаага алып барып таштап келем деген атасы сөзүндө туруп мышыкты бир жакка таштап келди. Апасына да кара мышык жакпай калыптыр, “бешиктеги баланын үстүнө чыгып жатып алат экен” деди. Баланы тумчуктуруп койсо эмне болот?

Ормотой борбаш булгап койгон чүпүрөктү күндө, күн алыс арыктагы сууга жууп жайып коёт, башында кир самын менен жууйун десе апасы шылдындап, ошондон бери канаттуу булгап койгон чүпүрөктү жөн эле чайкап койчу болгон.

Ушу кичинекей канаттууну үйрөтүүнүн деле бир топ ыкмалары, амалдары бар экен. Улам чакырып жемин берип, бир кыймылды эчен ирет кайталап, ачка коюп, час

ыраган ысык алдына таштап, мунун баары кушка ээси ким экенин таанытуунун амал-аргасы экенин Карабай абасы түшүндүрүп берген.

“Кийинки жолу уу алдырмай жолу. Оболу чымчык эти менен жаңы союлган малдын сулп этин жедирип үйрөтүшүң керек. Эттин даамын билсин, ансыз борбашыңа аркар алдыра албайсың. Андан кийинки кезек канаттуу аттуунун кайсынысы болсун: мейли таранчыбы, мейли мисчеби, тирүүлөйүн тап. Буттарын башына бириктирип байла: анчалык бекем болбосун, башы жер караган абалда болсун. Анан коё берсең да эч жакка учуп кете албайт. Канаттарын каккылап гана бир жерде тыбырчылап жата берет. Бул кезекте борбашыңды ачкараак абалда карма да, байлалуу канаттуунун денесинин бир жеринен эти көрүнгөндөй кылып айры. Анан «пөө!» деген үн чыгарып, кушуңду тукуруп кой. Канаттуу өлгүчө аны менен жаалы чыга албай кармаша да берет, тартынбай барып, денесине кол сала берет.

Бул – кыраандыктын эң сонун ыкмасы. Борбашың балакатка жетип тапталгандан кийин, көрүнгөн чымчыкка кол салып тарпын чыгарат! Кийик, теке алдырмайдын жолу мындай: өзүңдүн эчкиңдин эки көзүнө сулп этти салаңдатып байла да, борбашыңды кондуруп кой. Анысын да жейт, мунусун да жейт. Дасыккандан кийин, көзгө асылмай өнөрдү үйрөнөт. Этият бол, айылдагы кой-эчкинин бардыгы сокур болуп калбасын,– деп тамашалады бүркүтчү. – Ал эми сокур мал жарым кадам баспай жатып калат эмеспи.

Абасынын айтканын так аткарып Ормотой борбашын кыйла көндүрүп алгандан кийин окуу жылы башталды. Мектепти карай агылган балдар-кыздардын арасында эдирендеп Ормотой да бар эле.

Ушул күнү ал курбуларынын алдында борбашынын өнөрүн көрсөттү. Айрымдары “качып кетер бекен” дешти, качкан жок. Ормотой эмне айтса ошону аткарып, борбашы классташтарынын алдында ээсин уят кылбады. Баланын кубанычында чек жок эле. Жайды-жайлата балдар менен сайды бойлоп балык кармайт элем же жайлоого барат элем дебей борбашын көндүрүү, өзү айткандай, таптоо менен алек болду. Мына эмгегинин акыбети кайтып, борбашы тапка келгенин окуучулар алдында көрсөттү.

Ошондон көп өтпөй Карабай абасы келерки базарда тоого чыгып, борбаштын өнөрүн көрүп келели, тамаша кылалы, эшегиңди чомдо деп калды. Ормотойдун кубанычында чек жок эле. Жарым түнгө чейин уктабай олтуруп жаа жасады, жебесин даярдады. Мунусу - алдына карышкыр же аюу чыгып калса колдоно турган куралы.

Эртеси таң атып-атпай абасынын үнүн угар замат даяр болуп сыртка чыгып борбашын чакырса жооп жок. Издебеген жери калбады, жер жутуп кеткенсип жок. Акыры үмүтү үзүлүп ушул жерде болбосун деп малканасына кирсе, атасы алып барып талаага таштап келген кара мышыгы эшик ачылганда тешиктен шып секирип сыртка чыгып кетти.

Акырда борбаштын бозоргон канат, жүндөрү бырыксып жатыптыр. Баланын көзүнөн мончок-мончок жаш кетип, ушунча эмгек сарптаган кушунан айрылып калганына ишенип-ишенбей мүңкүрөп турду. Кара мышыктын жырткычтыгын мурда эле билчү, бирок минтип алыска алып барып таштаган жеринен тез эле келип каларын ойлобоптур. Ойлогондо эмне кылмак, желмогуз мышык акыры үйдү таап, Ормотойдун борбашынын көзүн тазалап коюптур, балага ушунусу катуу тийди.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG