Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:16

Учкан уясын унуткан "академик"


Иллюстрация
Иллюстрация

Жылкычы Жапиевдин “Туулган үй” аңгемеси - киндик кан тамган жерин унутуп, айылына каттабай койгон шордуунун арманын баяндаган чыгарма. Туулган жер, карыган ата-эне шаардан орун-очок алган айрымдардын жадынан чыгып кетет. Анан күндөрдүн бир күнүндө эске түшөт, барсаң кеч болуп калган болот.

"Барайын деп эле жүрдү..."

Бул аңгеме “Ала-Тоо” журналына жарыяланып жаткан жеринен авторго кайтарылган. Ж.Жапиевдин чыгарманы ошол кезде адабий журналдын редколлегия мүчөлөрү Шатман Садыбакасов менен Жалил Садыков аны цензуранын катаал капканынан аман алып калышканын эскерген жайы бар. Чыгармада жыйырма жылдан бери үйүнө барамын деп бара албай жүргөн бир шоркелдейдин татаал тагдыр жолу сүрөттөлгөн.

Барар үйү өтө эле алыс - Орусияда болчу, кемпир-чал жүргөндүр деп бейгам эле. Аялы-балдары көптөп жол азыгын камдап, поюзга билет алышып узатышмак болгон. Бирок айнып калган. Азырынча кат жазып койсом жетишет деген. Аялы “мени жибербей жатпасын деп кеп кылбаса болду” деген. Башка эмнени айтат, баргысы келбеген адамды зордойбу?

"– А сен айта бересиң. Барам дегениңе мен билгени жыйырма жыл болду.
– Өзүң көрүбатпайсыңбы, тияк-буякка жүгүрүп жүрүп күн өтүп атканын, – Алексей актана сүйлөдү.
– Койчу, ушу сени... – Аялы кол шилтеди. – Же өз эне-атаң болбосо керек. Жөн, мындайраак тууганың болсо, жашырбай эле айтпайсыңбы, жашырбай...
– Өлүп кетейин,– деп карганып жиберди Алексей мындай сөздү укканда, – өз энем, атам. Өзүмкү.
– Билбейм анда,– дейт аялы,– айтор, акылым жетпейт. Чоочун немедей мамиле кыласың. Мен билгени болгону үч курдай кат жаздың. Анда да акча сурап, айлаң кеткенде жазгансың. Эми...
– Эне-атам да. Анын эмнеси бар экен? Кайрып берем акчаларын сурашса,– деди Алексей актана. Аялынын сөздөрүн боюна жуутпады.
– Кана бергениң? – Аялы ого бетер эринин кыжырына тиет. – Андан бери он эки жыл өттү. Эмгиче берет элең го бирдемени ойлосоң.
– Берем. Жүз жыл өтсө да берем. Азырынча аларга акчанын деле кереги жок. Керектегенде таап берем.”

Көңүлү жокко - шылтоо көп, карыз акча сураганда кат жазган, аялы ошону эсинен чыгарбай сактап калыптыр. Акча деп калган тура, аманчылык болсо кийинки жылы ата-энесинен сурап алган акчасын алып барат. Айтымда Алексей үч бир тууган экен. Экөө чоңоюп калганда автокырсыктан каза болуп калыптыр. Тагдырдын тамашасы окшойт, өзү болсо минтип Кыргызстанда жүрөт. Эне-атасы Москвага жуук кыштактардын биринде жашайт экен, сексенге таяп калышкандыр дейт. Кышында жаз чыкса барам, жазында бышыкчылык кезде күздө барам, уулумду же кызымды ээрчитип алам деп аялынын кулагынын кужурун алат.

Убакыт болсо өтө берди. Алексейдин ата-энесине барам дегенин эчен ирет уккан кошуналары да кээде тамашалап калышат. “Азыр барба - жол суук, Москва четине жеткиче тоңуп каласың, жайында болсо поюзда Казакстандын чөлүндө куйкаланып бүтөсүң” дешет. Бара турган жери жакын болсо экен. Канча күн поюзда сандалып, бир топ акчаны коротуп жолго чыгасың. Тамак-аш, талаа-түздө жаныңда кичине катылган акчаң да болушу керек. Анан жанындагылардын баарына дайын болуп калган күндөрдүн биринде кошуналары тамаша-чындап Академик деп алган Алексей жолго чыкмай болуп калды. Биринчи аялына акыл салды.

“– Ашып кетсе бир жума турам. Болбосо, эки-үч күндөн кийин эле кайра тартам. Картаң немелерди жүдөтүп эмне кылам.
– Кой, антпе,– дейт аялы,– шашканда эмне, бүтпөй аткан жумушуң бар беле.
– Жок, келе берем,– дейт Академик.
– Мынча барып алып... жыйырма жылдан бери бир барсаң, анан жоо тийгендей кайра эле тартсаң...
– Жүрө берем,– дейт Академик чечкиндүү.
– Уктайлычы, – дейт анда аялы кыжырданып,– адегенде барып көрүп, анан айтпайсыңбы... Сенин бараарыңды кудай билет. Барганыңан айныганың бат.
– Барам, – деди Академик ишеничтүү,– барам дегенден кийин жакең барып коёт. Поюзга отурат да кылдырттап кете берет, анын эмнеси бар экен? Бир беттеп алгандан кийин көгөрүп коёрумду билесиң го...
– Уктачы байболгур, жобурабай, – дейт аялы бир маалда.
– Сага аяктан бирдеме ала келейин дебатам, албасаң андан ары кой. Мен үчүн киймек белең, маа десең жылаңач басып жүр. Жон териңди кий андай болсо. Кайра маа жакшы, көтөргөн жүгүм жок салт барып, салт келе берем ышкырып коюп. Кулак-мурдум тынып, кудай буюрса сенин жемеңен беш күн болсо да”.

Аялы туура айткан окшойт. Алексей өзү да ойлоно баштады. Жыйырма жылдан кийин барса, ата-энесинин кашында эки күн туруп үйүмө кетейин десе чал-кемпир капа болушат да. Туура, барганга жараша кенен жүрүп, туулган жерди кыдырып, чер жазып келсин. Ата-энеси “бул жакка үй-бүлөң менен көчүп кел” дешер. Ага да жообу даяр, чал-кемпирге түшүндүрүп айтат.

Тигилер карыдык-арыдык дешсе үйдү сатып экөөн бул жакка алып келе берет. Аялы балдары чоң ата, чон энесин кучак жайып тосуп алышат. Алексей ойлонуп отуруп он беш күн жүрүп келмей болду. Анысын Любасына айтса “дагы мээни жемей болдуңбу, кой, айланайын, башты оорутпай мобу акчага вино алып ичип келчи” деп колуна акча карматты.

Акыры барды

Мындай күндөр көп кайталанды. Аракка тоюп келген күнү Алексей аялынын кулагынын кужурун алып оюна келген сөзүн сүйлөйт. Соолукканда баарын мастыкка шылтап кутулат.

“Ошентип, күн өтө берди. Академик карыган кемпир-чалга бармай болду акыры. Поюзга белет сатып алды. Аны-муну, белек-бечкек, жолго тамак-ашынан бери камдады. Аялы узун тизме жазып берди эмне сатып алыш керек экендигин көрсөткөн.

Кетээрине эки-үч күн калганда кошуналары сырттан көрүнбөй калышты, көчөгө чыгышса Академикти аңдып калышты. Академик бардыгын тажатып жиберди. Аялы бечара аялдыгынан чыдады. Бар кордугунан да акчасын ката турган жай таппай айласы куруду. Акыры шымынын ичине чөнтөк салдырып, жаны тынды.

Академик бир күнү үйүнөн чыкты түшкө жуук артынып-көтөрүнүп. Аялы, уулу, кызы узатып баратышты вокзалга. Кошуналары терезеден карап турушту. Сыртка эч кимиси чыккан жок.

– Силер бара бергиле, өзүм кете берем,– деди Академик үйдү айлана бергенде катын-балдарына.

– Поюзга салып коёлу, – деди аялы,– биз үйгө жетелекте артыбыздан жете келбегендей бол. Ким билет, биз мындай болор менен поюздан секирип кетесиңби... – деп аялы тамашалады.
– Атам антпейт, – деди кызы күлүмсүрөп.
– Антишим деле мүмкүн. – Атасы ишенимдүү үн менен айтты.
Аялы күйөөсүнүн бул сөздү жөндөн-жөн айтпаганына түшүнүп, шаштысы кетип калды.
– Антпейт этпейт. Атаң эмне ошондой жеңил ойлуу бекен? – деди кызына көзүн кысып”.

Жолго чыгарда балдарынын көзүнчө аялы сапарда этият жүрүшүн, аракты чактап ичишин катуу табыштады. Анан поюз жай козголуп катуулай баштаганда Алексей купедегилер менен таанышып, төрт эркек аракка киришти. Свердловск шаарына чейин төртөө жакшы барышты. Поюз ал жерде он беш мүнөт токтойт экен. Алексей арак сатылчу дүкөндү таап алып чыккыча поюзу кетип калыптыр. Станциядагы дүжүрдөн сураса алты сааттан кийин ылдам жүрчү поюз келерин, ошо менен кетип калган поюзуна жетип аларын айтты. Бөлүнүп кетчүдөй ооруган башын жазайын деп кийинки поюзунан да калып, бир кезде Казакстанда чогуу дан ташыган досуна жолугуп анын үйүндө түнөп калганын эртеси билди.
Орто жолдон кыштагына бара албай Алексей Свердловскидеги Костя досунукунда үч күн туруп кайра Бишкекке келди.

“Келсе, баягы өзү алып кеткен кара чамаданы турат далисте. Көрсө, купедегилер жарты барак кат жазышып, чамаданды салып жиберишиптир. Демек, аялына бардыгы дайын болгон экен да...
– Кайда жүрөсүң тентип? – деди аялы көрөр менен.
– Ушундай болуп калды. Поезд жүрүп кетиптир. – Академик жер тиктемиш болду окуудан эки алган балача.
– Өлүп калган экен деп эсим чыкканычы,– деди аялы ачууланып.– Көрсө, бул алкаш арактын артынан жүргөн тура, карачы кебетеңди...
– Тирүү келгениме сүйүн,– деди күйөөсү күңк этип.
– Я де! – Аялынын үнү буулуга түштү. – Мынтип сенделип жүргөндөн көрө... Кишимин деп басып жүрөт!.. Поезддин алдында калсаң эмне...
Академик чатакты ырбатпайын деп унчукпады.

– Таш ичип калсаңчы! – деп аялы булкулдап атты. – Кошуна-колоңдордон уялып өлмөй болдум, ой! Элдин баарына жарыя кылып кетет дегеле. Сурагандарга эмне дейсиң?..
– Барып келдим деп коём да. Ооруп калдым дейм.
– Оңкоңон кет! – деди аялы ого бетер жинденип.
Ошентип, бул чатак үч-төрт күндөн кийин унутулуп калды. Турмуш кайра мурдагы нугуна түштү. Бир гана өзгөчөлүгү – Академик эми тияк-буякка барамын деп эч кимге айтпай калды. Андан эч ким деле сураган жок.”
Арадан дагы үч жыл өткөндөн кийин Алексей кайра жолго чыкты. Бул ирет деле поюзда баратканда ичти, бирок акылын жоготкон жок. Акыры жетер жерине жеткенде чемоданын алып сыртка чыкты. Ага чейин эшикке чыкпады. Шаардан кыштагын карай автобуста келатып жол боюндагы көрүнүштөргө таң калып келатты, туулган жери аябай өзгөрүптүр. “Илгерки шалбаа, талаалар жылан сыйпап кеткендей орду-түбү менен жок. Заңгыраган үйлөр турат асман тиреп.”

Кыштагына жетти. Булардын үйүнүн жанындагы булбулдун үнү токтобогон баягы токой, мелмилдеп агып турчу суу жок.

Кулайын деп калган булардын эски үйүнүн жанында эсеңгиреп турса “кимдикине келдиңиз эле” деп мээримдүү кемпир көчөдө туруптур. Ошол мээримдүү кемпир Смышляев он жыл илгерээк, байбичеси Варя үч жыл мурун пендечилик кылганын, кемпир уулу келсе берип коёрсун деп ачкычын таштап кеткенин кобурады. Тигинин жашы токтолбой куюлуп жатты.

“Жепирейген үйдүн дубалын алаканы менен сылап, буркурап жашын төгүп жатты. Каалганын туткасын кармалады. Айнектен үңүлүп ичкери карады эле чамбыл ала кирден эч нерсе көрүнбөдү. Анан астананын алдына көчүк басып отуруп, тамеки тартты. Тартып бүттү да жашын аарчып, чамаданын көтөрүп, кайра жолго чыкты. Көчөдө ойноп жүрүшкөн кичинекей балдар ооздорун ачып, тегеректеп карап турушту. Бул бейтааныш адамга кемпир аябай таңгалды, артынан кошо ээрчий басып келди.
– Үч жыл болду Варянын өлгөнүнө, чалы мурда кеткен,– деди кемпир алиги айтканын кайталап. – Кыштактагы кадырлуу адамдар болучу. Үйдүн ачкычы менде. Бир жакта уулу бар дешкен, келсе берейин деп катып койгом. Кыштакта уулунун кайда экенин билген киши жок экен. Сураштырып, дайынын таппай койдум. Балким, келип калар деп жүрөм. Үйдү саткын дешип, кээде кардарлар келишет. Бирөөнүн үйүн кантип сатмак элем? Уулун тапкыча өлбөй турсам экен... – Кемпир ушуларды кобурады. Бейтааныш унчуккан жок.”

Ушундай баян, баласы маалкатып келгиче атасы менен энеси күтпөй кете беришиптир, күтүшкөндүр. Күттүрүп келбеген жалгыз уулу акча сурап кат жазганда кемпир-чал аябай сүйүнгөндүр. Башка убакта Алексейден кат келбей, кабары угулбай калганда ооруп калды бекен деп санаа тарткандыр?

Атасы менен энесине алакөөдөн баласынын тирүү жүргөнү зор бакыт го, кат жазбаса да акыры бир күн келип калар деп жол карап канча жылды колдон учурушту экен? Анын баары кыштактын четиндеги эски мүрзөдөгү томпойгон эки дөбөдө жаткан кайрандардын ичинде айтылбаган арман болуп кете берди.

Ата менен эненин жакындыгын Алексей ал ирет деле түшүнбөдү, улкунуп кайра шаарга келатканда үйдү сатып эле келбей деп ойлоп койду. Ата-энеси, анын балалыгы калган ыйык жердин баасы канча болор экен?

Ж.Жапиевдин социализм заманында цензуранын капасына түшуп калышы ыктымал аңгемесинин фабуласы ушундай, аны ар ким өз алдынча түшүнөт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG