Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:24

Энесай Астайы жок жетимсирейт...


Виктор Яковлевич Астайбек Бутанаев
Виктор Яковлевич Астайбек Бутанаев

Хакас элинин даңазалуу этнограф жана тарыхчы илимпозу, профессор Виктор Яковлевич Астайбек Бутанаевдин (12.3.1946–05.6.2023) элесине арналган тарыхчынын блогу.

Хакас элинин чыгаан этнографы, эзелки Барсбектин бүгүнкү даңазалуу урпактарынын бири Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев 5-июнда (кулжанын 5инде) таңда дүйнө салды...

Аны 8-июнда Бишкекте өтө турган орто кылымдардын тарыхына арналган эл аралык илимий жыйында башкы баяндамалардын бирин онлайн түрүндө сунуштайт деп камынып жаткан элек... Ал пленардык жыйында “Энесай кыргыздарынын руна сымал жазмасында жазылган маанилүү эстеликтери” деген темада баяндама жасамак.

Өзү да ушул (азыркы түрк тилдүү окумуштуулар “битик” жазмасы деп атай баштаган) алфавитти мыкты өздөштүргөн жана айрым эстеликтерди өз алдынча которуп, илимий чөйрөгө жеке котормо вариантын сунуштап жаткан адис эле.

Жеке менин тагдырымда Энесайдагы бир залкар тоом томкорулгандай болду... Аны паспортундагы “Виктор” ысымы менен эмес, алгачкы ата-энеси койгон “Астайбек” ысымы менен атачубуз. Дал ушундай кайрылсак, ал өзү ыраазы болуп, маашырланып калчу. “Жеңеңерди да “Ирина Исаевна” дебестен, “Эркине” деп атап кайрылгыла”, - деп айтар эле.

Менин жеке баамымда Астайбек агай – “даңазалуу үчилтиктин” да бир ажырагыс мүчөсү жана акыркысы эле. Алар – тээ 1980-жылдардан берки үзөңгүлөш жана достордон болгон кыргыз таануучулар – этнограф Имел Бакиевич Молдобаев (15.02.1942 — 19.11.2005), археолог Юлий Сергеевич Худяков (08.12.1947 –– 24.12.2021) жана этнограф Астайбек агайлар эле. Жашы жагынан бул үчөөнүн ортончусу болгон Астайбек агай акыркысы болуп бул дүйнөдөн узады...

Ар бири – өз элинде тоо чокусундай болгон алп окумуштуу. Үчөөнө тең өз өлкөсүнүн илимдер академиясында мүчө-кабарчы деген да даража буюрбагандыгына карабастан, алардын ар бири – өз тармагынын дыңын бузгандар эле.

“Азаттык” үналгысынын интернет барагы Кыргызстанда кайрадан ээн-эркин ачыла баштаса, алатоолуктар бул үч дос тууралуу мурдагы мааракелик макалаларымдан эркин окуй башташат. Ошонун эртесин берсин, биздин акыркы жолу суу ичээр учурубуздун кечин берсин!

Бул үчөө тең терең урматтаган чыгаан тарыхчы жаан чыгыш таануучу – маркум Өмүркул Карев (15.10.1930 –– 18.09.2002) болчу.

Аларды бир сөз менен бириктирсек, тээ СССРдин акыркы он жылдыгында кыргыз тарыхы менен хакас тарыхын бири-биринен жасалма жиктегендер коммунисттик бийликке таянып турушканда, булар "байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз тарыхы – азыркы кыргыздардын, хакастардын жана башка бир катар боордош элдердин бабаларынын орток тарыхы" деген илимий жобону ырааттуу жактап турушкан.

Алардын бул улуу толкунуна кошулган жана илимпоз катары жетилген чагым СССРдеги “Кайра куруулар” дооруна туш келди. Алардын жолун азыр да улантып жаткан кыргызстандык жаш тарыхчылардын мууну азыркы тапта кубаттуу жана жетекчи толкунга айланды.

Астайбек агайдын өзү хакас этнографиясы менен гана чектелбестен, жалпы Түштүк Шибер жана Алтай, ошондой эле Теңир-Тоо түрк калктарынын этностук-маданий тарыхы үчүн өзөктүү мааниге ээ чыгармалар жазды.

Ал тарыхый Манчжурияга (азыркы КЭРдеги Хэйлуңжан вилайетинин Фу-Йү үйөзүнө чейин барып, фу-йү кыргыздарынын этнографиясын жана тилин алар байырлаган аймагында жүрүп изилдеди.

Фу-йү кыргыздары тууралуу даректүү тасма. 2005-ж.

Астайбек агабызды кыргыз айдыңдары (тарыхчылар эле эмес, жазуучулар, өнөрпоздор жана коомдук ишмерлер) абдан урматташар эле. Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиев, Шайлообек Дүйшеев, ж.б. байкелерибиз, Султан Раев, Арслан Капай уулу сыяктуу кийинки муундагы жазуучулар жана публицисттер алардын арасында экенин билем.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылы 5-июнда өзүнүн “Фейсбуктагы” барагында Астайбек агабыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына, бир боор хакас элине жана жалпы эле Россиянын илимий чөйрөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтуу катын жарыялагандыгын хакас боордошторго айтсам, абдан ыраазы болушту.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги да 5-июнда аза күтүү катын жарыялады.

Астайбек агайдын кошогун азыркы алатоолуктар ар кыл жанрда кошорунда, анын ысымы түбөлүк калуусу үчүн Ала-Тоодо кошумча аргалар жасаларында (ысымы көчөлөргө берилип, айкели тураарында) эч шегим жок.

Акын атабыз Аалы айткан сөздү колдонсок, Эр Астайбектин көзү өттү, бирок ал өзү маашырланып жазган Тирик бекти (Тириг Бек) эч ким унутпай тургандай эле, Эр Астайбектин элесин да элибиз эгерим унутпайт.

Энесайга өз демилгелүү чыгармачыл сапар менен келип, сиз менен бирдикте Хакасия менен Тываны түрө кыдырган учурум үчүн да Сизге миң мертебе алкыш айткан элем, Астай байке.

Бул саптар – кошогумдун алгачкы гана ый аралаш чыккан саптары! Сизди өз агамдай көрчү элем, байке!

Дагы далай жакшылыктарды чогуу көрсөк болбойт беле! Барсбектин айкели Абаканда тургузулганына чогуу күбө болсок болбойт беле!..

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Эркине жеңебизге, уул-кыздарыңызга, неберелериңизге жана жалпы хакас элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Редакциядан: Биз дагы маркум В.Я.Бутанаевдин жакындарынын азасын бөлүшөбүз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG