Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Беларуста түрмөдө отурган укук коргоочунун абалы начарлап жатканы кабарланды


Алесь Беляцкий.
Алесь Беляцкий.

Беларуста абакта отурган укук коргоочу Алесь Беляцкийдин саламаттыгы начарлап жатканын Associated Press агенттиги анын жубайы Наталья Пинчуктун айтканына таянып жазды.

Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, 61 жаштагы Беляцкий камакка алынганына 9-апрелде туура 1000 күн болду. Анын ден соолугу начарлап жатканы буга чейин да айтылган.

Наталья Пинчуктун белгилешинче, Беляцкий өнөкөт оорулары бар экенине карабастан соңку жарым жылдан бери жалгыз камерада отурат. Чогуу отуруп чыккан адамдар анын абалы күндөн-күнгө начарлап жатканын айтып берүүдө.

Пинчук Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылып, укук коргоочулук ишмердиги үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган Беляцкийге жана камактагы башка да саясий туткундарга жардам берүү үчүн "активдүүрөөк болууга" чакырды.

20-мартта Нобель сыйлыгынын жыйырмадан ашуун лауреаты Беларустагы саясий туткундарды эркиндикке чыгаруу үчүн чукул чара көрүүгө чакырып, "Европа соңку он жылдыктарда Беларуста болуп жаткан саясий репрессиянын масштабындай гуманитардык катастрофаны көрө элек болчу" деп белгилешкен.

Соңку төрт жылда эле, алардын кайрылуусунда белгиленгендей, Беларуста саясий куугунтукка 50 миңден ашуун адам кабылды, жүз миңдеген адамдар өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду, миңдеген адамдар кыйноого кабылды. Алардын арасында жүздөгөн журналист, профессор, педагог, дарыгер, музыкант, жумушчу, студент, коомдук ишмерлер, ошондой эле укук коргоочу жана Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алесь Беляцкий да бар.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген кишилер кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG