Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:26

Байден Нетаньяхунун Газа боюнча саясатын «катачылык» деп атады


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газа секторундагы согуш боюнча саясатын «катачылык» деп атады. 9-апрелде Univision телекомпаниясына курган маегинде Кошмо Штаттардын президенти Израилдин дарегине сын пикирин дагы айтты.

«Анын иш-аракетин катачылык деп эсептейм. Мен анын мамилесине макул эмесмин», — деди Байден.

АКШ президенти Израилдин Газадагы чабуулдарын «ылгабаган» деп, ал эми аскердик аракеттерин «аша чапкан» деп да баалаган.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кол салуусуна кабылып, ага каршы согушу Газада азыр да уланууда. Кол салуу 1200дөй кишинин өмүрүн алган. ХАМАС 250дөй кишини Газага барымтага алып кеткен.

Согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан жай тургундар ачарчылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары белгилөөдө.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) сектордо жалпысынан 32 миңден ашуун палестин жай тургуну набыт кеткенин билдирүүдө.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант соңку билдирүүсүндө израил аскерлери ХАМАСты жок кылыш үчүн бардык жерге жетерин айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG