Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Казакстанда "ЛГБТ пропагандасы" үчүн кылмыш жообуна тартуу сунушталды


Мажилис имараты.
Мажилис имараты.

Казакстанда ЛГБТга каршы мыйзам долбоору сунушталууда. Парламенттин төмөнкү палатасы Мажилистин депутаттары Едил Жанбыршин жана Самат Мусабаев сунуш кылган долбоордо «салттуу эмес сексуалдык мамилени жайылткандарды» жазалоо чарасы каралганын бүгүн 10-апрелде «Власть» басылмасы жазды.

Сунуш жумушчу топтун кароосуна жөнөтүлгөнү, азырынча бул сунуш гана экени, эгер ал колдоо тапса, масс-медианын ишин жөнгө салуучу жана митингдер боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизилери айтылды.

Нике жана үй-бүлө кодексинин жоболорун мисал келтирген депутаттар казак коому үчүн салттуу үй-бүлө – бул эркек менен аялдын союзу жана алардын балдары экенин айтып жатышат.

«Ошондуктан салттуу эмес мамилелерге тыюу салыш керек», — дешти Жанбыршин жана Мусабаев.

5-апрелде Мажилис депутаттары Асхат Аймагамбетов жана Жанарбек Ашимжанов «Масс-медиа жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, жалпыга маалымдоо каражаттарына ЛГБТ өкүлдөрү тууралуу жазууга тыюу салууну сунуш кылышкан. Депутаттардын айтымында, ошондой маалыматтын жарыяланышы аларды пропагандалоого тете деп таанылып, медианын жабылышына же ишинин токтотулушуна алып келет.

Өткөн жылы апрель айында Мажилис депутаты Ардак Назаров Казакстанда ЛГБТ тууралуу тасмаларды же сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салууну сунуш кылган.

2021-жылы Европа парламенти Казакстандагы адам укуктары боюнча абал тууралуу резолюциясын жарыялап, бул өлкөдө ЛГБТ өкүлдөрүнүн гендердик иденттүүлүгү жана сексуалдык ориентациясы боюнча басымга кабылуусу уланып жатканын белгилеген.

Президент Касым-Жомарт Токаев баланын укугу тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизгенде укук коргоочулар аны Орусиянын ЛГБТ өкүлдөрүнүн укугун бузган тажрыйбасын тууроо деп сындашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG