Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:19

Бонецкий лабораториясына 423 миллион сомдук айып салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Монополияга каршы кызмат Бонецкий лабораториясына (“Интелмед” ЖЧК) 423 миллион сом айып салынганын 16-апрелде билдирди. Буга лаборатория COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланганда ПЧР-анализдин баасын көтөргөнү негиз болгону маалыматта айтылат.

Мындан улам “Интелмед” компаниясы “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузган деп табылып, ага айып салуу боюнча токтом кабыл алынган.

Бонецкий лабораториясы өзүнө салынган айып тууралуу пикирин билдире элек.

4-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бир катар медициналык лабораториялар кызмат көрсөтүүдөгү бааларды төмөндөткөнүн билдирип, алардын тизмесин жарыялаган. Анда Бонецкий лабораториясы кызмат акысын 30% чейин төмөндөтүүгө макул болгону жазылган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы 22-марттан тарта Кыргызстанда өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими кирип, 2022-жылдын 1-ноябрында алынган.

Коронавирустун бар-жогун аныктаган ПЧР-тестти алгач мамлекеттик медициналык мекемелер гана алып келген болсо, кийин алгач Бонецкий лабораториясына уруксат берилип, бара-бара анализ алууга укуктуу болгон жеке менчик лабораториялар көбөйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG