Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:56

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы акцияда 14 киши кармалды


Тбилиси. 2024-жылдын 15-апрели.
Тбилиси. 2024-жылдын 15-апрели.

Грузияда «чет элдик агент» мыйзамынын кабыл алынышына каршы акциянын катышуучулары арасынан 14 киши кармалганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, борбор калаа Тбилисиде өткөн акция учурунда полициянын бир кызматкери жараат алды, ага медициналык жардам көрсөтүлдү.

«Митингдин катышуучулары ИИМ кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, коомдук тартипти бузушту, аларга каршылык көрсөтүштү жана мазактаган сөздөрдү айтышты», - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Тбилисиде жана башка шаарларда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акциялар 15-апрелде эртең менен башталган. Мыйзам долбоору парламенттин юридикалык комитетинде каралып жаткан учурда сыртта митингчилер топтоло баштаган. Акция кечинде да уланып, ага, журналисттердин айтымында, бир нече миң киши катышты. Митинг бүгүн 16-апрелде да уланары да кабарланган.

15-апрелде долбоор юридикалык комитетте биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Анда каржылоосунун 20 проценттен ашыгы чет жактан болгон коммерциялык эмес уюмдардын жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) атайын реестрин түзүү каралган. «Чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын алып жүрүүчү уюмдарды аныктоо» максатында иштелип чыкканы айтылып жаткан бул демилге колдоо тапса Юстиция министрлиги бейөкмөт уюмдарды жана ЖМКны каалаган учурда текшере алат.

Орусиянын бийликтин иши тууралуу ачык айткан, сындаган жарандык коом өкүлдөрүн жана журналисттерди, активисттерди «чет элдик агент» деп атап, куугунтукка алууга жол ачкан мыйзамынын көчүрмөсү катары сынга кабылып жаткан демилге Грузияда буга чейин да көтөрүлүп, 2023-жылдын 7-мартында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Эртеси күнү нааразылык тутанган. Бир күндөн кийин бийлик долбоорду кайра чакыртып алууга мажбур болгон.

Ушул айдын башында бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы аракетин улантып, мыйзам долбоорун бир аз башкача аталыш менен парламенттин кароосуна кайрадан киргизди.

Биринчи варианттагы "чет элдик таасирдеги агент" деген түшүнүктүн ордуна эми "чет элдик кызыкчылыкты жүргүзүүчү уюм» деген вариант сунушталууда.

15-апрелде мыйзам долбоору талкууланып жатканда парламентте мушташ чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG