Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:19

"Моралдык колдоо маанилүү". Кыргыз блогерлеринин демилгеси


Коллаж.
Коллаж.

Жалпысынан Казакстанда сел каптаган айыл-шаарлардан эвакуация кылынгандар бүгүнкү күнгө карата 108 миңден ашты, алардын дээрлик 38 миңи балдар. 12 миң киши кайра үйүнө кайтты. Азыркы тапта 7,5 миңдей киши убактылуу ачылган жайларда жашап жатат.

Казакстанда сел каптаган аймактардан жашоочуларды эвакуациялоо иши дагы эле уланууда. 15-апрелге караган түнү Түндүк-Казакстан облусунун Кызылжар районунда дагы 894 жергиликтүү тургун эвакуацияланды.

Ал арада Казакстандагы апаатка колдоо көрсөтүү максатында Кыргызстанда “Демилге 112” деген марафон башталды. 112 саатка созула турган өнөктүккө Борбор Азиянын маданият өкүлдөрү, блогерлери жана башка тармактан жүздөн ашуун адам катыша турганы айтылды.

Бул тууралуу марафондун координатору Данияр Сүйүндүк уулу “Азаттыкка” маек курду.

- Данияр мырза, “Демилге 112” марафону 15-апрелде саат 15:00дө башталды. Бул өнөктүк алкагында кандай жыйынтыктарды күтүп жатасыздар?

- Бул марафондун “Демилге 112” аталышы Борбор Азиядагы куткаруу кызматынын байланыш номуруна үндөш. 112 сааттык эфирди да ушундан улам белгиледик. Бул тынымсыз түз эфир болот. Марафондун максаты каражат чогултуу эмес, мында биз моралдык жана маалыматтык колдоо көрсөтөбүз. Бизде ондон ашык белгилүү алып баруучу иштеп жатат, марафондо жүздөн ашуун конок эфирге катышат. Алар Казакстандагы окуяга байланыштуу колдоо сөздөрүн айтып, апаатта кыйналган жашоочуларга жөнөткөн жардамы, ишке ашырып жаткан долбоорлору тууралуу айтып берет. Ал жактагы кырдаал боюнча “абал оор” деп негативдүү жактарына басым жасабай, тескерисинче, кыйынчылыкты жеңүүдөгү аракеттерге басым жасалат. Муну позитивдүү диалог десек болот.

- Марафонго жүздөн ашык конок катыша турганын айтып калдыңыз. Алар кимдер болот? Бул эфирлер кыргызстандыктарга багытталганбы же жалпы Борбор Азияны камтыйбы? Мындагы максат элге маалымат берүү менен аларды суу ташкында жабыр тарткандарга жардам берүүгө үндөөбү?

- Бул жерде жалпысынан жүздөн конок болсо, анын ичинен казакстандык блогерлер, маалымат каражаттарынын расмий өкүлдөрү, Кыргызстандагы белгилүү инсандар, блогерлер, журналисттер жана ар кайсы тармактын өкүлдөрү чакырылган. Мисалы, Армениядан илимдин доктору байланышка кошулат, Америкадан да диаспоранын өкүлдөрү да бар. Бул марафонго бүт дүйнө жүзүн тартып жатабыз. Мунун дагы бир максаты – дүйнө коомчулугуна маалымат берүү. Кошуна мамлекеттердин ынтымагын жогорулатууну да көздөйт. “Демилге 112” узак мөөнөттүү долбоор болуп иштеп, келечектеги чакырыктарга да жооп бере турган аянтча катары кала берет деген оюбуз бар.

- 112 сааттык марафон кандай форматта, кандай график менен жүрөт?

- Жалпысынан Инстаграм, Фейсбук жана YouTube каналыбыз аркылуу эфирге чыгабыз. Өз күчүбүз менен студияны даярдадык. Алып баруучулар өз кезеги менен келип, эфирге чыга берет. Бүгүн саат 15:00дө башталган эфир 112 саат өтмөйүнчө тынымсыз чыгып турат. Анын ортосунда Казакстанга жардам көрсөткөн казакстандыктардын тасмалары коюлуп, биздин коноктор да катышып, 112 сааттык колдоо марафону уланат.

- Бул марафондун алкагында жарандарда ушул аянтча аркылуу Казакстанга материалдык жардам берүү тууралуу ойлор пайда болушу мүмкүн. “Демилге 112” материалдык жардамдарды да кабыл алабы?

- Казакстандык блогерлердин каражат чогултуу аракети сынга кабылып, бул коомчулук тарабынан бир кылка пикирге ээ болбогонун эске алып, мындай иштен баш тарттык. Кыргызстанда материалдык колдоо чогултуу боюнча башка долбоорлор да иштеп жатат. Жарандар ушул жолдор аркылуу да жардам берсе болот. Мындан тышкары Казакстандын расмий реквизиттери аркылуу да көмөк көрсөтө алат. Биз бул багытта Казакстандын Кыргызстандагы элчилигине да кат жөнөткөнбүз, азырынча жооп келе элек. Элчиликтин алкагында жардамдарды кабыл алуу иши жүрүп калса, ошол жакка да жардам көрсөтсө болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG