Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:00

"Жайында көчөгө чыга албай калдык". Өкмөттү сотко берген пенсионер аялдардын жеңиши


Швейцариялык улгайган аялдар тобунун өкүлдөрү Анн Махрер жана Росмари Вайдер-Вальти сот чечиминен кийин журналисттер менен сүйлөшүп жатат. Адам укуктары боюнча Европа соту. Страсбург, Франция, 9-апрель, 2024-жыл
Швейцариялык улгайган аялдар тобунун өкүлдөрү Анн Махрер жана Росмари Вайдер-Вальти сот чечиминен кийин журналисттер менен сүйлөшүп жатат. Адам укуктары боюнча Европа соту. Страсбург, Франция, 9-апрель, 2024-жыл

Путиндин Борбор Азиядагы дилеммасы

Financial Times “Крокус ситидеги” теракттан кийинки окуялардын бир өңүтүнө кайрылды. 10-апрелдеги макаласында басылманын аймактык редактору Тони Барбер ал кол салуу Орусия үчүн Борбор Азия дилеммасын пайда кылганын талдаган.

Автор эмки айда Кремль Казанда уюштуруп жаткан “Орусия - ислам дүйнөсү” деген форумда түрдүү диндердин жана улуттардын гармонияда жашоосу талкууланарын жазып, иш-чара исламчыл террорчулардын Москвадагы чабуулунан кийинки чыңалуу учурунда өтөрүн белгилейт.

Тажик мигранттары жашаган жатаканадагы рейд. Орусия. 3-апрель, 2024-жыл
Тажик мигранттары жашаган жатаканадагы рейд. Орусия. 3-апрель, 2024-жыл

Анын пикиринде, ошол чыңалуунун эки формасы бар. Бир жагынан, борбор азиялык миллиондогон мусулман мигранттардын айрымдары теракттан кийин кысымга туш болуп жатат. Экинчи жагынан, Москванын аймактагы өлкөлөр менен мамилесин оңой деп айтууга болбойт. Журналист чыңалуу Владимир Путин Украинадагы согушту жүргүзүп, орус коомунун жана экономикасынын милитаризациясы уланып жатканда токтобойт деп эсептейт.

“Кремлдин терактка Украинанын тиешеси бар деген кыйытуусу атайын кызматтар кол салуунун алдын алууга жөндөмсүз болуп чыкты деген ойдон алагды кылуунун пропагандалык инструменти гана эмес. Муну орус бийлиги Украинага басып киргенде колдобой койгон Борбор Азия мамлекеттерине кысым көргөзүүгө шылтоо катары пайдаланат”, - деп улантат автор.

Ал андан ары орус депутаты Татарстандагы эки жайга сокку урган украиналык дрондор Казакстандан учурулган болушу мүмкүн деген сөздөрү Астананын нааразылыгын жаратканын баяндайт. Андан тышкары орусиялык белгилүү талдоочу Сергей Караганов Москва кошуналарына жөн карап турбашы керек, украин сценарийинин кайталануусуна жол бербей, Орусияга каршы маанайдагы элиталардын бийликке келишин, сырттан дестабилдештирүүнү алдын алыш керек деп жазып, “бул багытта өзгөчө камтаманы Казакстан жаратып жатканын” белгилеген.

Барбер эмгек мигранттарынын абалына да токтолуп, негизинен кара жумуштарда, тейлөө кызматтарында иштеген борбор азиялыктар орус бийлиги үчүн дагы бир баш ооруга айланганын жазат. Путин экономиканы согуш режимине которуп, жүз миңдеген кишилер армияга чакырылгандан бери Орусияда жумуш күчүнө талап өстү.

Журналист 144 кишинин өмүрүн кыйган терактка шек саналып кармалгандардын көбү борбор азиялыктар болгондуктан полициянын рейддери, депортациялаган учурлар көбөйгөнүн айтып, бирок андай чаралар анча ынандырбайт деген пикирин кошумчалайт. Анткени Орусия борборзиялык мигранттарга муктаж.

Макала “аймактын консервативдүү авторитардык режимдери Москвадай эле исламчыл экстремизмге каршы күрөшүүнү көздөйт, бирок ошол өлкөлөрдүн көз карандысыздыгына болгон коркутуулар, мигранттарга кысым Путин каалагандай натыйжага алып келбеши мүмкүн” деген ой менен жыйынтыкталат.

“Кыялдагы темир жол” качан салынат?

“Америка авазы” 11-апрелдеги макаласында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тууралуу кеңири сөз кылды.

Башында тиешелүү меморандумга 1997-жылы эле кол коюлганы, жолдун маршруту жөнүндө баяндалат.

Макала автору кыргыз бийлигинин курулушка оптимизм менен караганын, бирок аны ишке ашырууда көп тоскоолдуктар болушу мүмкүн дегендер да жок эместигин белгилейт. Финансылык жана техникалык маселелерден улам кечеңдеген курулушту айрым аймактык байкоочулар атүгүл “кыялдагы темир жол” деп атап жүрүштү.

Темир жол боюнча жыйын. Жалалабад. 17-март, 2024-жыл
Темир жол боюнча жыйын. Жалалабад. 17-март, 2024-жыл

"Бирок Орусия Украинага басып киргенден кийин долбоордун багы ачылды", - деп жазат автор. Себеби, Москвага салынган санкциялардын шартында Кытай жана Борбор Азия Европага башка транзит маршруттарын издей баштады.

2023-жылкы изилдөөлөргө караганда, 454 километрлик жол салуу үчүн 4,5 млрд доллар керек болот.

“Америка авазы” радиосу сөзгө тарткан кыргызстандык эксперттин айтымында, Кыргызстан “узунураак, техникалык жактан татаал жана кымбатыраак түндүк маршрутуна артыкчылык берет. Ал жол өлкөнүн түштүк жана түндүк аймактарын байланыштырууга өбөлгө түзөт”.

“Ал эми Кытай менен Өзбекстан анча татаал эмес, арзаныраак түштүк маршрутун колдойт”, - деп айтты атын атабоону каалаган эксперт. Ал бул эки өлкөнүн кысымына туш болгон Кыргызстан ага көнүүгө даяр деп кошумчалады.

Андан ары техникалык кыйынчылыктар тизмектелген. Түндүк маршрутунда тоолорду аралап өткөн жолдо 50 туннел жана 90 көпүрө куруу зарыл болот. Түштүк маршруту боюнча мындай маалымат жок. Муну менен катар Кытай рельстердин аралыгын 1435 миллиметр кылып салса, Кыргызстан менен Өзбекстанда 1520 миллиметр стандарт кабыл алынган. Буга байланыштуу жүктү жана жүргүнчүлөрдү башка вагондорго которуу үчүн кошумча станцияларды салууга туура келмекчи.

Финансылык көйгөй катары борбор азиялык эки мамлекеттин каржы тартыштыгы аталат. Демек, алар насыя алууга аргасыз болот. Бирок айрым талдоочулар Кытай бул жолу карыз берүүгө анчалык дилгир болбошу мүмкүн деп болжолдошот.

Андан ары былтыр ноябрда кыргыз премьер-министри Акылбек Жапаровдун өлкө өз бюджетинен курулушка 500 миллион доллар саларын айтканы жазылган.

Бишкектик эксперттин пикиринде, долбоор дагы кечеңдесе, ушунча ресурстарын жана убактысын сарптаган Кыргызстан өкмөтү ыңгайсыз абалга кептелиши мүмкүн.

Өкмөттү сотко берген пенсионерлердин жеңиши

9-апрелде Адам укуктары боюнча Европа соту Швейцариянын бийлигин климаттын өзгөрүүсү жаатында натыйжалуу саясат жүргүзбөгөнү үчүн жооптуу деп тапты.

Swissinfo медиа корпорациясы жазганына караганда, 64 жаштан ашкан 2 миңден көп аял кирген топ өз өкмөтүнө каршы күрөштү мындан 8 жыл мурун баштаган.

Макалада айтылгандай, улгайган кишилер Европада барган сайын көп катталып жаткан адаттан тыш ысыктан башкаларга караганда көбүрөөк жабыркайт. Кээ бир илимий изилдөөлөр аялдар өзгөчө жапа чегерин көргөзгөн. Мындан улам 2016-жылы “Пенсионерлер климат үчүн” деген топ бийликтин климат чөйрөсүндөгү саясаты жашоо укугун бузарын, алар жайында кээде көчөгө чыга албай каларын айтып келишкен.

Швейцариялык аялдар соттук угуу маалында. Страсбург. 9-апрель, 2024-жыл
Швейцариялык аялдар соттук угуу маалында. Страсбург. 9-апрель, 2024-жыл

Алар Швейцария бийлиги зыяндуу газдардын абага бөлүнүп чыгуусун чектөө милдеттенмесин аткара алган жок деп доомат артышкан.

Муну менен өкмөттүн ар бир жарандын жашоо укугу, жеке жана үй-бүлөлүк турмушун урматтоо укугун бузганына даттанышкан.

Буга чейин Страсбургдагы сот климаттын өзгөрүүсүнө каршы жетиштүү чара көргөн жок деп бир да мамлекетти айыптаган эмес. Эксперттердин айтымында, адам укуктары өзүнө климатты коргоо укугун да камтый турганы биринчи жолу таанылды.

“Соттун чечими мамлекеттер өз жарандарын климаттын өзгөрүүсүнөн коргоого жана алардын бакубат жашоосун камсыздоого милдеттүү экенин белгиледи”, - деп эсептейт Лондондогу изилдөө институтунун адиси Кэтрин Хайэм.

Швейцариянын федералдык, андан кийин жогорку соттору аялдар кыймылынын өкмөткө койгон талаптарын четке каккан. 2020-жылы сөз болгон топ Европа сотуна апелляциялык арыз берүүнү чечкен.

Эми Швейцария өкмөтү жана парламент абанын орточо температурасынын бир жарым градустан жогору көтөрүлүшүнө каршы чара көрүүгө тийиш.

Адистер соттун бул чечими менен прецедент түзүлгөнүнө көңүл бурушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG