Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

"Жыйнаган оокатым сууда калкып жүрөт". Казакстандагы сел


Күлсары шаарындагы суу каптаган үй, 5-апрель, 2024-жыл
Күлсары шаарындагы суу каптаган үй, 5-апрель, 2024-жыл

Казакстандын суу каптаган бир нече аймагынан он миңдеген киши көчүрүлдү. Миңдеген турак жай суу астында калды. Жергиликтүү тургундар суу жакында тартылбай турганына камтама болсо, адистер мындай абалга табигый себептери менен гидротехникалык объектилердин абалы да түртку болгонун белгилешет.

"Бир бутума байпак кийген бойдон үйдөн качып чыктым"

Казакстандын Атырау облусундагы 66 миң калктуу Күлсары суу ташкынынан эң көп жапа чеккен жерлердин бири. Шаардын 34 миң тургуну өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Ал жерде 2 миң 600 жер там жана административдик имараттар суу астында калды.

7-апрелде Атырау облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Маалыматка караганда, Жылыой районунун борбору болгон Күлсарыны суу 5-апрелде каптай баштаган.

Казакстан: Күлсарыда 2000ден ашуун үйдү суу каптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы сөзгө тарткан жергиликтүү жашоочулар суу көтөрүлгөндө балдары менен эптеп жанын сактоо үчүн качып чыгышканын айтып беришти:

“Бала-чакамды куткаруу менин башкы максатым болду. Бир бутума байпак кийген бойдон үйдөн качып чыктым. Мен суунун деңгээлин көрүп турдум, артыбыздан суу келет деп ойлогон эмесмин. Кошуналарым “Үйдөн чык” деп айтышканда, “Жок, тамдын жогору жагына чыгып кетем” деп чыкпай койгом. Көп болсо тизеге чейин көтөрүлөт деп ойлогом. Үйдөн атып чыкканда эле көз ирмемде артыбыздагы суу каптады”.

Дагы бир тургун насыя алып салган үйүнө былтыр эле киргенин, жаңы алган эмерек, жыйнаган оокатын бүт суу алып кеткенине кейип турду:

“Документтерибзди алып чыкканга гана үлгүрдүк. Оокатым бүт сууда калкып жүрөт. Үйүбүздүн абалын барып көрүүгө да мүмкүнчүлүк жок. 2-3 күндөн бери ушул жерде айланчыктап жүрөбүз. Мен туугандарымдын үйүндө жашап жатам. Балдарыбыз Маңгыстау облусуна эвакуацияланды. Суунун тартыла тургандай түрү жок. Мындан ары эмне болот деп ойлонуп жатабыз. Үйлөрүбүзгө качан кайтабыз? Жумушубуз эмне болот?”

Күлсарылыктар апааттын биринчи күнүндө өз күчү менен тосмолорду орнотушканын, суу каптайт деген эскертүү тиешелүү мекемелерден өз убагында келбегенине нааразы болууда. Алар жергиликтүү бийлик акыркыга чейин “кырдаал көздөмөлдө” деп ташкын коркунучун жашырышканын айтышат.

Күлсары шаарындагы суу каптаган үйлөр, 5-апрель, 2024-жыл
Күлсары шаарындагы суу каптаган үйлөр, 5-апрель, 2024-жыл

Мүхит аттуу жигит курулуш материалдарын саткан дүкөндүн ээси. Анын айтымында, сууну бөгөттө үчүн алар өз техникасын колдонушкан:

“Ыктыярчылардын күчү менен бүт иштерди аткарып жатабыз. Талаада калган жетим козулардай болдук. Бардыгын өз күчүбүз менен бүтүрүп жатабыз. Актау, Бейнеу жана Маңгыстаунун жигиттерин абдан ыраазыбыз. Кысталган күнүбүздө алар жардам берүүдө. Чатырларды тигип, тамак менен камсыздап жатышат. Акимчилик эч кандай техника бөлгөн жок”.

Акыл Өмүрзаков атуу киши буларды кошумчалады:

“Азыр бийлик эч жумуш жасабай жатат деп айта албайбыз. Жасалып жатат. Бирок жай кыймылдай башташты. Өрт тутангандан кийин өрт өчүрүүчүлөр келип өчүрүп жаткандай жагдай болуп отурат. Алдын ала иштер жүргөн жок. Ошонун натыйжасын мына азыр көрүп отурабыз.”

“Азаттыктын” кабарчысы Жылыой районунун акиминин орун басары Гүлнафиз Айшуакова менен телефондон сүйлөшө албаганын, ал байланышка чыкпай койгонун айтат.

Күлсары шаарынын тургундарынын үй-жайлары, 9-апрель, 2024-жыл
Күлсары шаарынын тургундарынын үй-жайлары, 9-апрель, 2024-жыл

Дүйшөмбүдө Күлсарыда суунун деңгээли бир нече сантиметрге төмөндөгөнү тууралуу маалымат чыкты.

Жергиликтүү тургундар дүкөндөрдө азык-түлүк түгөнүп баратканына кабатыр болууда.

7-апрелде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Күлсары шаарында эки кишинин сөөгү табылганын, алар суу каптаган үйдү текшерүү үчүн трактор менен жүрүп, оодарылып кеткенин билдирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар “тиешелүү уруксаты жок жолго чыгышканын” маалымдады. Дагы эки киши дайынсыз болууда.

Күлсарылыктарды Атырауга, Маңгыстау облусундагы Бейнеу жана Тенгиз мунай-газ кениндеги кыштакка алып чыгышты. Бирок бир топ киши коопсуз түштүк чөлкөмдөргө кетүүнү каалайт.

Табигый фактор, эски гидротехника жана шалаакылык

Казак бийлиги азыркы ташкынды эң масштабдуу деп атап, ал туу чокусуна жете электигин, суу каптоого табигый фактор түрткү болгонун белгилешет.

Актөбө облусу. 29-март 2024-жыл
Актөбө облусу. 29-март 2024-жыл

“Азаттыктын” казак кызматы жазганына караганда, быйыл жазда суу ташкындары болорун былтыркы августтан бери эле, бир нече облустта 343 турак жайды суу каптагандан кийин талкуулап келишкен. Быйыл жыл башында Батыш-Казакстан облусунда 87 шаар-кыштакка коркунуч жаралары прогноздолгон. Ал эми Орол шаарында акыркы 30 жылдагы эң масштабдуу ташкын болору болжолдонгон. Костанай облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы 10 дамбанын абалы канааттандырарлык эмес , жырылып кетсе, калк жашаган аймактарды капташы ыктымал деп билдирген.

Февралда өзгөчө кырдаалдар министри болуп жаңы дайындалган Чингис Аринов ташкын болсо кызматтар даяр турушканын айткан. Өткөн айда ал жетектеген мекеме жазга даярдык иретинде 65 километр убактылуу дамбалар тургузулганын, 670 километр каналдар жана 2 километр арыктар тазаланганын, 10,5 млн метр куб кар ташылып чыкканын маалымдаган.

Министрлик азыр деле региондор чукул кырдаалга даяр болгонун, бирок суу күтүлбөгөн тилкелерде көтөрүлгөнүн айтууда.

Өз кезегинде «Казгидромет» кызматы былтыркы декабардан бери сел коркунучу тууралуу прогноз бергенин билдирди.

Экономикалык кызматташтык уюмунун маалыматына ылайык, Казакстан аймагынын 75 процентинде жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиги жогору. 2019-жылы уюм “өлкөнүн дээрлик бардык региондорун жыл сайын суу каптайт, бул – экономикалык чыгымдарга жана антропогендик кесепеттерге алып келет” деп жазган.

Эксперттердин айтымында, күзүндө үшүк эрте жүргөн, кар көп жааган, кийин аба ырайы кескин жылып кетип, кар эриген, бирок муз баскан жер кыртышы сууну сиңирүүгө үлгүрбөй калды.

«Дарыялар ылайга толуп, арык-каналдардан, дренаж системаларынан суу өтпөй каларын” айткан гидролог Айсулу Турсунова ташкындын алдын алуу үчүн өзөндөрдүн нугун, көпүрөлөрду акыр-чикирден тазалоо, жээктерди бекемдөө, карды өз убагында чыгарып туруу маанилүү деп кошумчалайт.

Мындай кырсыкка жеткирбөө чарасы катары адистер суу сактагычтарды жана атайын гидроэлектростанцияларын курууну аташат.

Астананын четиндеги Коянды айылы. 27-март 2024-жыл
Астананын четиндеги Коянды айылы. 27-март 2024-жыл

Казакстандагы гидротехникалык объектилердин абалы да чоң талкууга түшкөн чак. Алардын көбү 1970-80-жылдары, айрымдары атүгүл 1960-жылдары курулган. Өткөн жылы Экология жана жаратылыш ресурстар министрлиги 1478 объектинин 510у ремонтко муктаж экенин билдирген.

Улуттук агрардык университетинин Water Hub Эл аралык изилдөө борборунун директору Анатолий Рябцев түзөп-оңдоо иштерине жетиштүү каражат бөлүнбөй жатканын айтат.

Адистер ошондой эле он жылда бир болгон мындай суу каптоолорду толугу менен алдын алуу мүмкүн эместигин, бирок залакасын азайтуу максатын ишке ашыруу реалдуу экенин белгилешет.

“Суу шалаакылыбызга сокку урду. Бир кездери каралган маселелер аягына чейин чечилген эмес. Натыйжада ушундай өкүнүчтүү натыйжага күбө болуудабыз”, - деген пикири менен бөлүштү Рябцев.

Ал арада күйдүргүдөн өлгөн жаныбарлар көмүлгөн жайларды суу каптаганы белгилүү болду. Казакстандын Айыл чарба министрлиги ал райондордо эпизоотикалык абал стабилдүү экенин, кооптуу инфекциялардын пайда болуу коркунучу төмөн болгонун билдирди. Бирок суу тартылгандан кийин ал жайларды текшерүү керек.

Батыш-Казакстан облусунун ветеранария башкармалыгынын жетекчиси Нуркайыр Кусайынов мал көзөмөлгө алынарын, козгоочулары жер кыртышында сакталууга кудуреттүү инфекцияларга каршы эмделерин билдирди.

Кошуна өлкөнүн 10 регионунда жергиликтүү алкактагы чукул кырдаал режими жарыяланды. Бийлик Миялы, Аккөре, Жангелдин, Жаскайрат жана Көздикара аймагын суу каптоо коркунучу жоюлганын билдирди.

Ал эми Орусиянын Казакстан менен чек аралаш Оренбург облусунда бери дегенде 5 киши суу ташкындан каза тапты. Үч күндө Орск шаарында дамба үч жерден жырылды. Миңдеген турак үй суу астында калуу коркунучуна кабылды, миңдеген киши эвакуацияланды.

"Азаттыктын" казак редациясынын материалдарынын негизинде даярдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG