Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Казакстандын тогуз аймагын суу каптады. Бир нече киши дайынсыз


Казакстандын суу каптаган айылдарынын биринин тургундары (сүрөт социалдык медиадан алынды - Аян Қалмұрат)
Казакстандын суу каптаган айылдарынын биринин тургундары (сүрөт социалдык медиадан алынды - Аян Қалмұрат)

Казакстанда күн жылып, кар эригени, дарыялар жээгинен чыгып бир нече аймакта айыл-кыштактар суу астында калды. Актөбө шаарында аэропортту убактылуу жабууга туура келди. Оролдун борбордук көчөлөрүн суу каптады. Расмий маалыматка караганда, үч киши дайынсыз болууда.

Казакстандын кеминде тогуз аймагында суу ташкындады. Батыш жана чыгыш региондорунан тышкары Улутоо, Актөбө, Акмоло, Абай, Атырау, Караганды, Костанай жана Павлодар облустарынын тургундары суу каптоо коркунучуна кабылды. Чукул кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна туш болгон региондордо ыкчам штабдарды түздү.

Орол шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Аймакта 3 миңдей жер там зыян тартты. Сегиз райондо суу жолдорду жууп кетти. Кардын эришинен жана жамгырдан улам шаар мэриясынын, соттун имараттарын, темир жол бекетин, оорукананы, бир нече турак жайды суу каптады. Расмий маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Шаршембиде Батыш Казакстан облусунун акими Нариман Турегалиев ыкчам штабдын жыйынында Оролдун жетекчиси Миржан Саткановго сөгүш жарыялады. Акимдин айтымында, жетекчилер селге даяр эмес болуп чыкты.

“Жадагалса шаар мэриясынын имаратын суу каптады. Бул жоопкерчиликсиз мамиледен кабар берет. Кечээ, бүгүн калааны кыдырып чыктым. Кээ бир кичи райондордо мен барганда иштер жаңы эле башталып жатыптыр. Шаар жана райондор күчөтүлгөн режимде иштөөгө тийиш”.

Актөбө. 27-март, 2024-жыл.
Актөбө. 27-март, 2024-жыл.

Ошол эле күнү Батыш Казакстан облусундагы айрым айылдарда жашагандар жардам келе электигин “Азаттыктын” кабарчысына айтып беришти. Алардын бири, Володарканын тургуну Вера Иванова мындай дейт:

“Мен кечээ “112” номуруна чалууга аракеттендим. Мени башка номурга которушту. Ал жакта кайрылуумду катташканын, аты-жөнүмдү жазып алышканын айтышты. Бирок азыркыга чейин эч кандай техника келе элек. Болгону аң казып, суунун нугун буруу керек. Көп болсо жарым сааттык иш”.

Ал айыл тургундары түн ичинде өздөрү бул жумушту жасоого аракеттенишкенин, бирок тоңуп калган жерди күрөк менен казууга мүмкүн болбогонун кошумчалады.

Актөбө облусунда да кыйын абал түзүлдү. Чукул кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмү 74 киши коопсуз жерге көчүрүлүп жатканын билдирди. Аэропорттун учуп-конуу тилкесин суу каптагандыктан, ондон ашуун каттам аткарылбай калды.

Костанай облусунда жарадар болгондор бар деп кабарланды.

Чыгыш Казакстан аймагындагы Тарбагатай районунда эки айылды байланыштырган жолду суу жууп кетти, бир көпүрө урап калды.

Атыраунун жашоочулары “мындай абал жылга кайталанарын, үйлөрүнөн чыга албай калышканын” социалдык тармактарга жазышты. Ал жерде эки күн катары менен жамгыр жааган. Адистер шаардын 300 чакты турак жайдын короолорунда аң казып, суунун нугун буруп атышат.

Бирок суу каптаган жайлар расмий катталган жок.

Карагандынын борборунда машинелер дээрлик сууда сүзүп баратканын көрүүгө болот. Чукул кырдаалдар департаменти 100 чакты айыл-кыштак селден жабыркашы мүмкүн экенин эскертти.

Казакстан
Казакстан

27-мартта Чукул кырдаалдар министрлиги Астанага жакын жердеги Коянды айылында селдин алдын алуу иштери уланып жатканын билдирди. Ал жердин тургундары шейшембинин кечинде өзгөчө кырдаал киргизүүнү талап кылып жол тосушкан. Социалдык тармактардагы видеолорго караганда, айылга полициянын ыкчам аракеттенүүчү тобу жөнөтүлгөн. Бир аздан кийин чогулгандар тарап кетишти.

Чукул кырдаалдар министрлиги Кояндыда үч жер тамды суу жарым-жартылай каптаганын, 80 миң метр куб суу сордурулганын билдирди.

26-мартта Абай облусундагы Аягөз районунда автоунаалар жүргөн көпүрө урап калганы, бир суткада эки киши дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Ал жерде жергиликтүү маанидеги өзгөчө кырдаал тартиби жарыяланды. Мунун алдында дагы бир киши табылбай жаткан. Жоголгондорду издөөгө ыктыярчылар тартылды.

"Азаттыктын" казак редакциясынын кабарларынын негизинде даярдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG